16-майда Кыргызстандын жараны Алина Т. белгисиз себептерден улам американын Нью-Жерси штатында өз жанын кыйды. Анын артында беш жашар баласы кылды.

Кыргызстандык Алина Т.нын АКШда каза болгондугу тууралуу анын мекендештери 16-майда билдиришти. «Кыргыздар Нью-Йоркто» коомчулугунун өкүлдөрү Gofundme.com краудфандинг сайтына Алинанын өзүнүн батиринде жанын кыйганын жазышты. Алар анын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн каражат топтоо өнөктүгүн демилгелешти.

«Бүгүн, 2016-жылдын 16-майында Нью-Жерсидеги батиринде Алина Т. муунуп, өз жанын кыйды. Азырынча анын себептери белгисиз. Биз мекендешибиздин сөөгүн мекенине жеткирип, жерге берүү үчүн акча топтоп жатабыз. Алинанын туугандарынын антүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок, анткени аларга Алина өзү жардам берип жүргөн», — деп жазышкан алар сайтка.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Kloop.kgге мекеме Кыргызстандын АКШдагы элчилиги менен байланышканын, бирок убакыттагы айырмачылыктан улам жооп ала электиктерин билдирди.

«Биз элчиликке тиешелүү тапшырма жазылган кат жөнөттүк, азыр алардан жооп күтүп жатабыз. Убакыттагы айырмачылыктан улам азырынча расмий маалыматтарды ала элекпиз», — деди ТИМдин өкүлү.

Каражат топтоонун демилгечиси, Beck TJ деген ысым менен катталган колдонуучу Kloop.kgге курган маегинде Алина Нью-Жерсиде иштегенин жана жумушунда эч кандай кыйынчылыктар болбогондугун билдирди. Айтымында, анын артында беш жашар баласы калган, ал тууралуу Алина өлөр алдында калтырган катында жазган.

«Нью-Жерси штатынын бийлиги баланы алып кетели дешкен, бирок Алина калтырган катында баласын батирде бирге жашаган Эрмида аттуу аялга калтыра тургандыгын жазган. Штаттын социалдык кызматынын жумушчулары келип, анын сөөгүн алып кетишти. Кремация кылалы дешкен, бирок биз анын сөөгүн алып кете тургандыгыбызды убадаладык. Бизде керектүү сумманы чогултуу үчүн туура беш күнүбүз бар», — деди ал.

Анын айтымында, кыргызстандыктын сөөгүн Ошко чейин алып келүүнүн баасы 7500 АКШ долларын түзөт. Бир күндүн ичинде мекендештери бир миң долларга жакын сумма топтой алышкан.

«Акчаны биз өзүбүз топтой алабыз, бизге расмий өкүлдөр кагаздарды толтуруу жагынан жардам беришсе болду», — деп кошумчалады ал.