Каржы министрлиги курулушу тендердин айланасындагы ызы-чуудан улам убактылуу токтогон Балыкчы-Корумду унаа жолун оңдоого 500 млн. сом каражат бөлдү.  

17-майда каржы министри Адылбек Касымалиев министрлик Балыкчы-Корумду унаа жолунун курулушуна 500 млн. сом бөлгөнүн билдирди.

Касымалиевдин айтымында, акча Улуттук банк тарабынан,  «Манас» эл аралык аба майданы анын алдындагы карызын мөөнөтүнөн мурда төлөп бергенден кийин бөлүнгөн.

«Жакынкы убактарда Транспорт министрлигинин билдирмеси менен акча бөлүнөт. Жолдорду оңдоого Улуттук банктын кирешелеринен түшкөн акчанын көбөйүшүнөн улам акча табууга мүмкүн болду. Ошондой эле каражат салыктан түшкөн акчалардын жана эл аралык донорлордун бөлгөн жардамдарынын эсебинен келип түшүүдө», — деди министр 17-майдагы маалымат жыйынында.

Чуулуу тендер

Балыкчы-Корумду унаа жолунун курулушу премьер-министр Темир Сариевдин отставкасы жана транспорт министри Аргынбек Малабаевдин кызматтан четтетилишинин себеби болгон тендердин айланасындагы ызы-чуудан улам токтотулган.

Узундугу 104 чакырымды түзгөн жолду оңдоого «Лонг Хай» кытай компаниясы менен 6 млрд. сомго келишим түзүлгөн. Малабаевдин айтымында, компаниянын кызыкчылыктарын премьер-министр Сариев коргоп, анын жакындары «Лонг Хайдын» тендерде мыйзам бузуу менен утуп чыгышына мүмкүндүк беришкен.

Парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канат Исаев башында турган депутаттык комиссия териштирүү иштерин жүргүзүп, тендердин жыйынтыгында мамлекетке 1 млрд. сом чыгым келтирилгенин билдирген.

Бирок өкмөттөгү комиссия өткөргөн башка териштирүүлөрдөн кийин Сариев транспорт министрин кызматтан кетирүүнү сунуштаган.

«Лонг Хай» компаниясы 2016-жылдын апрелинде каржылоонун жоктугунан улам курулуш иштерин токтотуп койгон.

Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өкмөт [жолдун курулушу үчүн] жоопкерчиликти алышы керектигин билдирип, транспорт министрлигине аны аяктоо тапшырмасын берди.

Сүрөт: Азаттык