Экономика министрлиги Кыргызстандын аба майдандарына жакын жерлерге оюн автоматтары жана казинолору бар борборлорду куруу идеясынан баш тартты. Демилге коомдук талкууга 2015-жылдын декабрында коюлган, бирок жарым жылдын ичинде колдоо таба алган жок.

Коомдук колдоо таппагандыктан улам аба майдандарга жакын жерлерге оюн аймактарын куруу боюнча өкмөттүн долбоору токтотулат, деп билдирди 17-майда Экономика министрлигин басма сөз кызматы.

Ал аймактарга чет өлкөлүктөр гана ойной ала турган казинолорду, букмекер кеңселерин жана тотализаторлорду куруу сунушталган. Идеяга ылайык, кыргызстандыктардын андай жайларга кирүүсүнө тыюу салынмак.

«Ошондой эле аталган долбоор боюнча депутаттык корпус, министрликтер, саясатчылардан терс пикирлер көп болгондуктан Экономика министрлиги бул мыйзам долбоорду ишке ашырууну токтотту», — деп жазылган министрликтин сайтында.

Өкмөт 2015-жылдын аягында кумар оюндары үчүн жабык аймактарды түзүүнү сунуштаган — идея Кыргызстанда кумар оюндарына тыюу салынгандан үч жылдан кийин коомдук талкууга коюлган.

Өкмөттөн андай аймактардын курулушун кумарканалар «жашыруун» иштегенге өтүп, аларды легалдаштыруу мамлекеттик бюджеттин кирешесинин көбөйүшүнө жана туризмдин өнүгүшүнө жардам бере тургандыгы менен түшүндүрүшкөн.

«Кумарканалардын ишмердүүлүктөрү кылмыштуу топтор тарабынан көзөмөлдөнүп жаткан азыркыдай шартта кумар оюндарына көз каранды болгон адамдарды коргоо тууралуу айтууга болбойт. Андан сырткары кумар оюндарына тыюу салуу мамлекеттик бюджеттин жылына 500 млн сомдон ашык сумманы жоготуусуна алып келди», — деп жазылган документке тиркелген негиздеме-маалымкатта.

Долбоорго ылайык, андай жабык аймактар айланасында көргөзмө жана коммерциялык объектилер бар, аба майдандарга жакын жерлерге курулушу керек болчу.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев жабык аймактар чет өлкөлөрдүн жарандарынын кирүүсүнө гана ылайыкташтырыла турандыгын билдирген.

«Кыргызстандын жарандары казинолор менен оюн автоматтарынын жабык аймактарына киргизилишпейт. Автоматтар менен казинолорду жайгаштыруу пландалып жаткан объектилер транзиттик аймактар катары эсептелинет. Ал жерлерге чет өлкөлүктөр гана кире алышат, тактап айтканда, факты жүзүндө алар режимдик объектилер болушат», — деген ал.