Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Амангелди Муралиевдин уулу Алтынбек Муралиев мамлекетке чыккынчылык кылууга айыпталып 12 жылга соттолду. Тергөө ал жашыруун документтерди чет өлкөлүктөргө берүүгө аракет кылган деп эсептөөдө.

17-майда өкмөттүн аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн мурдагы башчысы Алтынбек Муралиев мамлекетке чыккынчылык кылгандыгы үчүн 12 жылга соттолду. Бул тууралуу Kloop.kgге Жогорку соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева билдирди.

«Муралиев Биринчи май райондук сотунун өкүмү боюнча Кылмыш кодексинин 292-беренесинин («Мамлекетке чыккынчылык кылуу») негизинде мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен 12 жылга эркинен ажыратылды. Анын жаза өтөө мөөнөтү күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү абагында өтөт», — деди ал.

Токтошеванын айтымында, өкүм азыр күчүнө кире элек. Муралиевдин жактоочулары 10 күндүн ичинде чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрыла алышат.

Муралиев 2014-жылдын 1-ноябрында кармалган — ал чет өлкөлүк уюмдарга берүү үчүн жашыруун маалыматтарды топтоого шектелген. Бирок кийин мамлекетке чыккынчылык кылууга айыпталган.

ЖМКлардын маалыматтары боюнча, чиновник Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан алыс эмес жерден кармалган. Тергөө ал өлкөдөн чыгып кетип, өкмөттүн аппаратында иштеп жүргөндө ала алган жашыруун маалыматтарды чет өлкөлүк уюмдарга бергени жаткан деп эсептеген.

Алтынбек Муралиев — 1999-жылдан 2000-жылга чейин премьер-министрлик кызматта иштеген Амангелди Муралиевдин улуу баласы.