17-майда түрк бийлиги Стамбулдагы «Ататүрк» аба майданынан 98 кишини кармады. Кытай жарандары жасалма кыргыз паспорттору менен Сауд Аравиясына өтүп кетүүгө аракет кылышкан.

17-майда Стамбул полициясы «Ататүрк» эл аралык аба майданынан 98 кишини кармады. Hurriyet басылмасы билдиргендей, кармалгандар Үрүмчүдөн Сауд Аравиясына учуп бара жаткан Кытайдын жарандары болушкан.

ЖМКлардагы маалыматтарга ылайык, алар көздөгөн жерине жасалма кыргыз паспортторунун жардамы менен жетүүгө аракет кылышкан. Ар бир паспорттун баасы 2500 еврону түзгөн.

«Транзиттик залдан паспорт көзөмөлүнөн өтүп жатканда төрт жүргүнчү Кыргызстандын жарандарынын жасалма паспортторун беришкен», — деп жазды Hurriyet.

Басылма полицияга шилтеме жасоо менен төрт уюштуруучусу кармалганын жазууда. Калган жүргүнчүлөрдү Кытайга депортация кылуу үчүн иммиграциялык кызматка жөнөтүшөт.

Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов Kloop.kgге курган маегинде мындай учурларга жол бербөө үчүн кызмат дайыма паспортторду берүүдөгү коопсуздук чараларын күчөтүп жатканын билдирди. Анын айтымында, Каттоо кызматынын өкүлдөрү ал паспорттордун серияларын алып, алардын кандай жол менен жасалгандыгын аныктоо үчүн түрк тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

«Бул факты боюнча биз чукул жыйын өткөрдүк. Ал паспорттордун серияларын алуу үчүн дипломатиялык каналдар аркылуу түрк тарапка кайрылдык. Болжолдуу маалыматтар боюнча, алар жасалма паспорттор», — деди ал.

«Азаттык» басылмасы кыргыз паспорттору Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жарандары арасында өзгөчө суроо-талапка ээ экенин жазган. Мигранттардын айтымдарында, жасалма кыргыз паспорттору Орусияда жумушка оңой орношуп, жеңилдиктерди алууга мүмкүндүк берет.

Кыргыз ИИМинин Орусиядагы расмий өкүлү Аскат Алиев «Азаттыкка» курган маегинде жасалма паспортторду берүү менен уюшкан кылмыштуу топ алектенерин жана алар менен күрөшү кыйын экенин айткан.