EgyptAir авиакомпаниясынын Парижден Каирге учуп кеткен MS804 каттамындагы учагы 18-майдан 19-майга караган түнү Жер ортолук деңизге кулап түштү. Анын ичинде 56 жүргүнчү бар болгон, алардын үчөөсү кичинекей балдар.

18-майда Париж-Каир каттамындагы учак «Шарль де Голль» аба майданынан учуп кеткенден үч сааттан кийин радардан көрүнбөй калган.

Учак тиешелүү болгон EgyptAir авиакомпаниясы бул тууралуу твиттерге 18-майдан 19-майга караган түнү жазды.

«EgyptAir расмий түрдө MS804 каттамын аткарып жаткан A320 учагы радарлардан Жер ортолук деңиздин үстүнөн жоголгонун билдирет», — деп жазды компания.

Би-би-си Agence France-Presse француз басылмасына шилтеме жасоо менен учак деңизге Грециянын Карпатос аралынан алыс эмес жеринен кулап түшкөнүн билдирди.

Авиакомпаниянын өкүлдөрүнүн айтымдарында, учактын кулап түшүүсүнүн себептери аныктала элек — экипаж өзгөчө абал тууралуу эч кандай белги берген эмес.

EgyptAir компаниясынын вице-президенти Ахмед Абдель CNN эл аралык жаңылыктар кызматына курган маегинде куткаруучулар учак кулашы мүмкүн болгон аймакка чыгып кеткендиктерин билдирди.

Ал ошондой эле учактын ичинде эч кандай атайын жүктөр же кооптуу материалдар жок болгондугун кошумчалады. CNNдин метеорологу Педрам Жавахеринин пикиринде, аба ырайы учактын кулап түшүү ыктымалдыгынын себеби болушу мүмкүн эмес.

CNNдин авиациялык коопсуздук боюнча аналитиги Дэвид Суси азыр себептери жөнүндө айтууга эрте жана аман калгандарды издөөгө көңүл буруу керек деп эсептейт.

«Учакты, адамдарды табыш керек, куткарып калууга мүмкүн болгон адамдар бар болсо жардам көрсөтүү керек», — деди ал.

Кулаган учакта 56 жүргүнчү бар болгон, адардын үчөөсү кичинекей балдар. Жүргүнчүлөрдүн көбү Египет менен Франциянын жарандары.