Твиттердин кыргызстандык колдонуучулары #Элдинбалдары хештеги менен флешмоб башташты. Алар анда кичинекей кезинде апалары башка балдар менен салыштырып айткан сөздөрүн жазып жатышат. Kloop.kgнин редакциясы интернетке жарыяланган кызыктуу билдирүүлөрдү бир жерге топтоону чечти.

Элдин балдары — кыргыз апаларынын арасында ылакап сөзгө айланган. Апалар ал фраза аркылуу өз балдарын кайсыл бир иште ийгиликке жетишкен башка балдарга салыштырышып, аларды мисал келтиришет.

Аны менен катар «элдин балдары» — бул сөзсүз эле кошуналардын, достордун же туугандардын балдары эмес жана алар сөзсүз эле ийгиликтүү, акылдуу жана таланттуу болушпайт. Кээ бирде кыргыз апалары конкреттүү бир адамдарды эмес, а ар дайым бардыгына жетишкен, дайыма мыкты болгон теориялык жактан идеалдуу балдар жөнүндө айтуулары мүмкүн.

«Твиттердин» кыргызстандык колдонуучулары кичинекей кезинде жана азыр аларды башка балдар менен кантип салыштыргандыктарын эстеп, ошол эле маалда өздөрүн идеалдуу #Элдинбалдары менен салыштыруу үчүн #Элдинбалдары деген хештег менен флешмоб баштоону чечишкен.

Хэштег блогер Алия Суранованын билдирүүсүнөн кийин популярдуу болуп калган. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазган билдирүүсүндө «элдин балдары» фразасын кыргыз апаларынын айырмаланып турган өзгөчөлүгүнүн бири деп атаган.

«Кыргыз апаларынын дайыма балдары ийгиликтүүрөөк болгон достору болот («элдин балдары»): алардын балдары жакшы акча иштеп табышат, а кыздары өз маалында турмушка чыгып, көп бала төрөшкөн. Ошондой эле алар эч качан апасына каяша айтышпайт, ар бир насаатын угуп, ага ай сайын жаныбарлардын терисинен тигилген тон жана алтын сатып берип турушат. Анан силерге дайыма апаңардын ошол дээрлик ойдон чыгарылган балдарын мисал келтирип турушат», — деп жазган ал «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына.

«Элдин балдары» феноменине твиттер гана эмес, а мемдер, демотиваторлор, социалдык түйүндөрдөгү тайпалар жана блогдор да арналган.

Колдонуучу @Mavluda_Tilek

Колдонуучу @Kaarmanbek

Колдонуучу @Nuraika

Колдонуучу @Sanjarbeke

Колдонуучу @Kyrgyzinparis

Колдонуучу @Malika_Bayaz

Колдонуучу @Batya_45

Колдонуучу @Marika_KG

Колдонуучу @EdilKanatov

Колдонуучу @cejtek

Колдонуучу @BakayM

Колдонуучу @Kanyshaikin

Колдонуучу @gulnarchik

Колдонуучу @SoulfulJam

Колдонуучу @AzizaMurzashova

Колдонуучу @altynai_dju

Сүрөт: Улан Асаналиев, "Азаттык"