Кыргыз ЛГБТ-коомчулугунун өкүлдөрү алар күнүмдүк жашоолорунда кандай окуяларга кабыла тургандыктары жөнүндө айтып беришти — кыйноолор, зордуктоо жана кемсинтүүлөр.
Kloop.kg түрдүү убактарда гомофобдор тарабынан жасалган кемсинтүүлөргө, кыйноолорго жана физикалык зомбулуктарга кабылган ЛГБТ-коомчулугунун алты окуясын жарыялайт. Михаил Кудряшов менен Сергей Костюков — ачык гейлер, башка экөөсү — Кирилл менен Николай өздөрүнүн коопсуздугу үчүн чыныгы ысымдарын ачык айтышкан жок.
Биринчи окуя. Топтошуп зордуктоо |
Кириллге (аты өзгөртүлгөн) коркутуп-үркүтүү сөздөрү жазылган смс-билдирүүлөр көптөн бери келип баштаган. 2016-жылдын январында ал жумуштан үйүнө бара жаткан маалда белгисиз адамдар анын артынан түшүшкөн.
«Качан мен караңгы көчөгө бурулганымда мени кууп жетишип, кулатып туруп сабап башташты. Үндөрүнө караганда алардын саны үчтөн кем эмес болгон. Кол салгандар болжол менен бир эле нерсени айтып жатышты: «Биз сени таап алабыз деп эскертпедик беле, сени аңдып жүргөнбүз да, сенин каякта жашай турганыңды билебиз. Биз сени майып кылып салабыз, сендейлер үчүн биздин коомдо орун жок»», — деди ал.
Кириллдин айтымында, соккулардан улам ал эсин жоготуп койгон. Эсине келсе белгисиз бир жерге барып калышкан.
«Мени унаадан сүйрөп чыгып, жерге жаткырып алып кайра сабап башташты. Алар менин бардык жеке буюмдарымды тартып алышты: телефон, портмоне. Анан алар суукта мени жылаңач кылып чечиндиришти. Кайра сабап башташты, ошол маалда мен бул менин жашоомдогу акыркы күн болот деп ойлогом. Менин бети-башым бүт кан болду».
Кирилл андан кийин белгисиз адамдар аны зордуктагандыктарын айтты.
«Мен алардын беттерин көргөн жокмун, караңгы болчу. Андай [зордуктоо] болот деп ойлогон эмесмин, алар мени жөн гана зордуктап салышты. Мени моралдык жактан өлтүрүүнү каалашкан. Мага абдан коркунучтуу болду».
Жабырлануучу милицияга кайрылууну каалаган эмес, анткени ал алар тараптан «колдоо көрбөйт».
«Мен буга чейин милиция кызматкерлери менен чырлаша кеткендиктен улам аларга ишенбейм. Мен анда жөн гана көчөдө бара жаткам, сөйкө тагынып алгам — бул алардын кыжырын келтириптир, алар мага келип документтеримди текшеришти. Алардын бирөөсү: «Сен эмне, пидорсуңбу», деп сурады. Мен: «Эмне деп атасыңар?», десем, алар: «Сыртыңан эле көрүнүп турат, жалаптардай болуп баратпасыңбы» дешкен. Мен биздин полициядан колдоо көрбөй элем».
Экинчи окуя. Сөйкө белги катары |
Кириллдин сөйкөлөрү ошондой эле коомдук тамактануу жайынын жумушчусу тарабынан жасалган басмырлоого да себеп болгон. Ал окуя Бишкектеги кафелердин биринде болгон.
«Мен отуруп официантты күтүп аткам. Бир топ күткөнүмө карабастан эч ким келген жок. Мен мени эмненин негизинде тейлебей жаткандыктарын аныктоого аракет кылдым. Мага официант: «Сен сыяктууларды жөн гана тейлешпейт», деп жооп берди. Мен: «Кандайча мен сыяктууларды?», дедим. Ал: «Көрүнүп турбайбы», деди. Кайра эле менин сөйкөмөн улам».
Окуя бөлүмдөрүнүн биринде болгон «Домино» кафе түйүнүнүн администратору Василина Агапованын айтымында, эгер Кирилл ал окуя тууралуу билдиргенде, ага орой жооп берген официант жумуштан кетирилмек.
«Андай болгонун биринчи жолу угуп жатабыз. Биз андай үчүн моралдык чыгымын төлөп берет элек. Эгер ал окуянын каякта болгонун айтканда аны тейлебей же орой жооп бергендерди жумуштан кетирет болчубуз. Биздики ири компания жана биз ар бир кардарды ардактайбыз», — деди Агапова.
Кириллдин айтымында, анын дарегине карата басмырлоо учурлары бардык жерлерде болот.
«Кафеге тамактанып алуу үчүн кирсең эле тейлөө кызматкерлери гана эмес, а андагы адамдар да сөйкөң бар үчүн эле сырткы көрүнүшүңө карап, сендейлер тейленбейт деп айтып жатышса албетте жагымсыз».
Үчүнчү окуя. Полициядагы кыйноолор |
Кыйноолорго ЛГБТ-коомчулугунун мүчөлөрү Михаил Кудряшов менен Сергей Костюков да кабылышкан.
2014-жылы Кудряшов эл аралык укук коргоочу «Хьюман Райтс Вотч» уюмуна маек курган. Айтымында, андан кийин ал каржы полициясынын кызматкерлеринин курмандыгы болгон.
Кудряшов каржы полициясынын кызматкерлеринин бири аны менен таанышуу сайты аркылуу таанышып, бир нече жолу жолугушууга чакырганын айтты. Жолугушууда алар борбордогу кафелердин биринде отурушкан.
«Ал менден биздин тематика боюнча бир нече тасма көчүрүп беришимди өтүндү. Анан мага «мени колдоп атканың үчүн» деп ыраазычылыгын билдирип, үстөлдүн асты аркылуу акча берди. Мен акчаны капчыгыма саларым менен кыйкырыктар менен катуу үндөрдү уктум — кайдан-жайдан [каржы полициясынын] кызматкерлер пайда болуп, мага күбөлүктөрүн көрсөтүп, мени сөгүп башташты. Алар анын баарын өз видеокамераларына тартып жатышты».
Кудряшовдун айтымында, аны каржы полициясынын борбордук кеңсесине алып барышып, ага эки шарт коюшкан: же акча берүү, же ЛГБТ мүчөлөрү тууралуу маалыматтарды берүү.
«Алардын мага тийбеши үчүн 20 миң сом. Алар менин билгендеримдин аты-жөндөрүн жазып беришим керектигин айтышты. Мен баш тарткандан кийин бир полиция кызматкери колума калем сап сайды, андан менде эки так калды. Анан мен эч нерсе жазбай турганымды айттым. Кызматкерлердин бири артыман келип түртүп жиберди — мен башым менен үстөлгө тийип, эсимди жоготуп койдум».
Анан Кудряшов кыйноолор башталганын айтты. Ал төрт саатка жакын убакытка созулган. Кыноолорго чыдабай ал бардык сунушталган документтерге кол коюп берген.
«Үстүмө суу куюлуп жатканын билем, алар мени толугу менен чечинүүгө мажбурлашып, анан кезектешип мени кемсинтишип, болушунча сабашты. Алардын өтүктөрүнөн улам капталымдагы терилерим сыйрылып кеткен».
Михаилдин айтымында, ал кыргыз соттору тарабынан колдоо тапкан эмес.
«Кыргызстандагы бардык сот баскычтарынан өткөндөн кийин эч кандай колдоо таппагандыгыман улам менин ишим андан ары кароо үчүн БУУнун адам укуктары боюнча комитетине жөнөтүлгөн. Мен прокуратуралар менен сотторго кайрылгам. Соттордун бардыгы тең каржы полициясынын аракеттеринен кылмыштын белгилерин таппагандыктарын айтышты».
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын начальниги Саламат Адыловдун айтымында, эгер соттор каржы полициясынын кызматкерлеринин аракеттеринен кылмыштын белгилерин табышпаган болсо, анда «ал [кылмыш] болгон эмес».
«Кыргызстанда таптакыр тартип жок эмес да, эгер конкреттүү бир кылмыштын белгилери же денесинин зыянга учурагандыгынын далилдери болсо, анда ага прокуратура менен сот эле эмес, а башкалар да көңүл бурушмак. Эгер аны каржы полициясынын кеңсесине алып барышса, анда бизге арыз менен кайрылсын — карап чыгабыз. Эгер чынында эле андай факты болгон болсо, анда албетте биз далилдейбиз. Эгер ага соттор баш тартышса, анда кылмыштын белгилери болгон эмес», — деди Адылов.
Төртүнчү окуя. РИИБдеги кыйноолор |
Сергей Костюков 2012-жылдын майында анын артынан аңдып жүрүп Октябрь РИИБсине алып барышкан милиция кызматкерлеринин кыйноолоруна кабылган.
«Эки кызматкер чыгып мени күчтөп унаага салышты. Октябрь РИИБсине алып барышты. Алар мени сабап, кемсинтип башташты. Белиме, буттарыма тебишти, бирөөсү үстөлдүн үстүндө турган китеп менен чапты. Алар: «Биз силер жөнүндө баарын билебиз, биз сени жумушуңа чейин аңдып барганбыз, каякта жашай турганыңды да билебиз, сени бир апта бою аңдып жүргөнбүз» дешти».
Сергейдин айтымында, кыйноолор үч-төрт саатка созулуп, андан кийин милиционерлер андан акча талап кылып башташкан.
«Шарт кое башташты: «Азыр сени убактылуу кармоочу жайга алып барабыз, ал жактан сени жакшылап зордукташат», деп. Алар менин билген ЛГБТ өкүлдөрүнүн бардыгын айтышым керектигин айтып башташты. Кыйноолордон сырткары алар менден 10 миң сом талап кылышты. Менде андай акча жок болчу. Алар менин паспортумдун көчүрмөсүн алышып, кечинде акча алып келесиң деп кое беришкен».
Костюков милиционерлерге каршы сотко арыз жазган эмес, анткени аны өтө тобокелчиликтүү деп эсептеген.
Саламат Адыловдун айтымында, зомбулуктарга кабылган ЛГБТ мүчөлөрү укук коргоо органдарына арыз менен кайрылуулары керек болчу. Ал Костюковдун айткандарын «далилсиз» деп атап, ал айтып берген окуя «болгон эмес» деген жыйынтык чыгарды.
«Биз ошол жылы дагы, өткөн жылы дагы караганбыз: [ЛГБТ өкүлдөрү] бизге кайрылышкан, азыр дагы кайрылып жатышат. Биз дайыма аларга жардам беребиз. Эч ким кемсинтпей эле да. Эгер милиция жардам бербесе прокуратурага кайрылышсын. Андан сырткары бизди жеке коопсуздук кызматы бар — алар ошол жакка да кайрылышса болмок», — деди Адылов.
Бешинчи окуя. Дайыма жашай турган жайы жок калуу. |
Костюковдун айтымында, 2015-жылдын сентябрында спорттук кийимчен балдар Сергей менен анын жигитин үйүнө чейин аңдып келишип, кошуналарына даттанышкан, андан соң алар батирден көчүп кетүүгө аргасыз болушкан.
«Алар кошуналарга барышып: “Силердин үйдө ЛГБТ мүчөлөрү жашашат” деп айтышты. Анан жашоочулар домкомго даттанышып, а ал бизге батир берген үй ээсине кайрылган. Бизди акча төлөп жашап жаткан батирден көчүп кетүүгө аргасыз кылышты. Ал окуядан кийин олуттуу көйгөйгө туш болдум — ар кайсыл жерге барып жашап жүрөм, туруктуу турган жерим жок, бир эжемдикинде, бир досторумдукунда түнөп».
Алтынчы окуя. Мектепте башталган басмырлоо |
Николай (аты өзгөртүлдү) коомчулук тарабынан басмырлоо ал мектептин жогорку класстарында окуп жүргөн кезде эле башталганын айтты.
«Өспүрүм кез болчу — 11-12 жаш — ошондо эле ким экенимди түшүнгөм. Мен окуган мектепте белгилүү бир карасанатайлар бар болчу. Аларга менин сырткы көрүнүшүп, баскан-турганым жакчу эмес. Класстан чыгып баратышып мени кемсинтип башташты: сен пидор, гейсиң, сендейлерди отко күйгүзүш керек, деп».
Николайдын айтымында, алгач алар жөн гана кемсинтүүлөр болгон. бирок кийин классташтары физикалык күч колдонуп башташкан.
«Алгач алар кийим которуштуруу жайларында болгон. Анан ачык эле сабактардын алдында мени уруп башташты. Мугалимдер аны байкап, мага болушуп башташып, алардын мени мектепте уруусуна мүмкүн болбой калды. Бирок алар сабактар аяктагандан кийин үйүмө чейин аңдып барышып, ошол жактан уруп турушту».
Николайдын айтымында, анын колдору бүт көгала болгон, бирок ал кимдир бирөөгө кайрылып, ал тууралуу айтуудан корккон.
«Ата-энем [көагала жерлерди] көрбөсүн деп жеңи узун футболкаларды кийип жүрдүм. Мен мектепти аяктаганга чейин ошентип жашадым. Ал кезде мен ЛГБТ-коомчулугунун өкүлдөрү менен сүйлөшүп жүрчүмүн — аларга ал окуяларды айткам, бирок элге жайылып кетеби деп коркуп, ЛГБТ мүчөлөрүнүн бир нерсе кылуусуна макулдук бере алган эмесмин. Мен эч жерге кайрылган эмесмин. Ал эмес класс жетекчибизге баруудан да коркчумун».
Николайдын айтымында, ал үчүн Европада жашоо кыйла ыңгайлуу болмок, бирок азыр андай мүмүнчүлүктөргө ээ эмес.
«Бул жакта төрөлгөн үчүн Бишкектемин, бирок Европага көчүп кетүү тууралуу ойлор азыр приоритет болуп эсептелет. Мени эч ким аңдыбаган, басым жасабаган жерде жашаганды каалайм».
Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаеванын айтымында, көпчүлүк учурларда өспүрүмдөр ырайымсыз болушуп, ЛГБТ-коомчулугундагы классташтарына агрессивдүү мамиле кылуулары мүмкүн. Бирок басмырлоо учурларын жоюу үчүн алар менен тарбиялык иштер өткөрүлүүдө.
«Ал абалды жөнгө салып, андай балдар менен иштешип, аларга жардам берсин жана алар ал социумда жашап кетишсин деп социалдык педагог, психолог штаттары киргизилген», — деди ал.
ЛГБТ-коомчулугунун укуктарын 20 жылдан ашык убакыттан бери коргоп келген укук коргоочу Гүлнара Курманованын айтымында, Кыргызстанда ЛГБТга карата агрессия кескин көбөйүп кетти.
«Бул турмуш-тиричилик деңгээлинде абдан көрүнүүдө, мен өзүм да негативдүү мамилелерди көп кездештирем. 2011-жылы алар кыйла ачык болуп калышкан, а азыр кайрадан артты көздөй жылуу болууда», — деп эсептейт ал.
«Милицияга кайрылбай өзүлөрү күнөөлү»
Гомофобдор тарабынан басмырлоо учурлары болгондон кийин ЛГБТ-коомчулугунун мүчөлөрү көбүнчө укук коргоо органдарына кайрылышпайт.
Кудряшовдун айтымында, коомчулук менен укук коргоо органдары ЛГБТ өкүлдөрүнө карата толеранттуулукту көрсөтүшпөйт.
«Кемсинткен, кыйнаган жана акча талап кылгандардын бардыгын тең туугандарына айтып кое тургандыктары менен шантаждашкан».
Саламат Адылов [ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын начальниги] ЛГБТ мүчөлөрү жөн гана укук коргоо органдарына кайрылуудан коркуп жаткан болушу мүмкүн деп божомолдоду. Ал милицияда жогорку билимдүү кызматкерлер иштейт жана алардын компетентсиз иштеши мүмкүн эмес деп эсептейт.
«Алар уялып жатышса керек, эч кандай коркунуч жок. Алар милициядан коркуп атышат, бирок бизге жардам сурап канчалаган адамдар кайрылып жатышат, күнү-түнү уктабай, кылмыштардын бетин ачуу менен гана алекпиз. Милиция эмне бандиттерби?», — деди Адылов.
Начальник «кайгыга» туш болгон жаранды кабыл албай коет деген жок экенин айтты. Анын пикиринде, эгер райондук бөлүмдөгү милиция кызматкерлери чынында эле өз кызматтык милдеттерин аткарбай жатышса, анда жабырлануучулар жогорку инстанцияларга кайрылышы керек.
«Эгер районого барганда кемсинтишсе, […] жогорку инстанцияларга кайрылышсын, мисалы, бизге. Эгер милиция жардам бербесе, анда прокуратурага кайрылышсын. Андан сырткары бизде жеке коопсуздук кызматы бар, ошол жакка кайрылышса деле болот».
Ошондой эле Саламат Адылов укук коргоо органдарынын ЛГБТ-коомчулугуна болгон толеранттулугун жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
«Өткөн жылы бизде анча чоң эмес эки семинар өткөн, анда биз милиция кызматкерлерин чогултканбыз. […] Психологдор, милиция кызматкерлеринин ЛГБТ өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрү боюнча өз тажрыйбалары тууралуу айткан окутуучулар болушту. Мындай сабактар өтө тез-тез эмес, бирок өткөрүлүп жатат», — деди ал.
Начальниктин айтымында, зомбулукка кабылган ЛГБТ мүчөлөрү арыз менен укук коргоо органдарына кайрылуулары керек болчу.
«Эгер адам адилеттүүлүктү кааласа ал дайыма арыз менен кайрылат, ал эми минтип далили жок айта берсе мен андай сөздөргө ишенбейм, анткени биз тартиптин сакчыларыбыз жана конкреттүү фактыларга ишенебиз, а эгер эч кандай фактылары жок эле далилсиз сүйлөй берсе, демек андай болгон эмес», — деди Адылов.
«Гейлерге каршы» мыйзам коомго терс таасирин тийгизеби?
«Гейлерге каршы мыйзам» көпчүлүк добуш менен биринчи окууда 2014-жылдын октябрында кабыл алынган — анда аны добуш берген 86 депутаттын 79у колдошкон. Экинчи окууда 2015-жылдын июнунда кабыл алынган, анда 90 депутаттын 88и колдогон.
Эгер «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге» карата жакшы пикир калыптандыруу балдардын арасында же маалымат каражаттары аркылуу жасалса, ал үчүн мыйзамда бир жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы сунушталган.
Михаил Кудряшов мыйзам долбоору ЛГБТ-коомчулугуна гана эмес, ошондой эле жалпы коомго даа таасир этет деп эсептейт.
«Эгер салттуу эмес мамилелерге тыюу салуу жөнүндөгү мыйзамдар жок эле ЛГБТ-коомчулугу укмуштуудай кемсинтүүлөргө кабылып жатышса, мыйзам кабыл алынгандан кийин бардыгы күчөйт, ал ачык эле басым жасай турган милиция кызматкерлери менен мамлекеттик түзүмдөрдүн колдорун бошотот», — деди ал.
Кириллдин айтымында, гей-пропагандага каршы мыйзамдан кийин укук коргоо органдары ЛГБТга окшош адамдарды да аңдып башташат.
«Тилекке каршы, ал кабыл алынгандан кийин аны кыйла башка тарапка интерпретациялашат. Аны органдар башкача кабыл алышат, алардын ыйгарым укуктары күчөйт. Алар социалдык түйүндөрдө рейддерди өткөрүшөт, тактап айтканда, болбогон жерден куугунтуктоолор болот», — деди ал.
Саламат Адыловдун айтымында, ал бул мыйзам долбоорун колдойт, анткени ЛГБТ мүчөлөрү тарабынан кылмыш жасоо учурлар аныкталган.
«Бир жагынан мен туура деп эсептейм. Бизде фактылар болгон. Ошол гейлер интернет аркылуу 15-16 жаштардагы мектеп окуучуларынын сайттарына кирип, аларды өзүлөрүнө тартып, шантаждап, алардан акча алып, интимге тартышкан. Бизде мындай фактылар боюнча кармалган ЛГБТ өкүлдөрү бар. Ошондуктан мен ал кылмыштар эрезеге жете элек балдарга карата жасалган деп ойлойм. Мыйзамга кол коюлары менен ага ылайык иштеп баштайбыз», — деди ал.
Николайдын айтымында, «гейлерге каршы» мыйзамдын кабыл алынышы милициянын «колун бошотот».
«Мен гей-коомчулугунун өкүлдөрү менен сүйлөшөм жана алардан биздин балдар милицияга арыз менен кайрылганда аларды кабыл албай, шылдыңдагандыктары жөнүндө көптөгөн окуяларды угам. Эгер ал мыйзам күчүндө болсо, анда басмырлоо боюнча алардын иш-чараларынын бардыгы тең мыйзамдуу болуп эсептелет, ал эмес адамдар ал үчүн аларды макташып, мыйзам боюнча жасап жаткандыктарын айтышат», — деп эсептейт ал.
Сергей Костюков укук коргоо органдары гей-коомчулугунунун мүчөлөрүнө болгон аңчылыктарын күчөтүшөт деп эсептейт.
«Коом өзүн ыгы жок ачык-айрым алып жүрүп калат, анткени мыйзамга ылайык, аларга белгилүү бир мыйзамдын деңгээлинде адамдарды кемсинтип, сабашына уруксат берилет, ал эмес милиция аларды куугунтуктайт», — деди ал.
Гей-активист Гүлнара Курманова мыйзам ЛГБТга гана каршы эмес, а аларга байланышы бар болгон бардык адамдарга каршы иштей турганын белгиледи.
«Ал мыйзам биринчи кезекте өзүнчө бир адамдарга эмес, а ЛГБТ укуктарын коргоп, кандайдыр бир жолдор менен аларга жардам берүүгө аракет кылып жаткан уюмдарга, адамдардын топторуна таасир этет. Ал мыйзам журналисттерге каршы колдонулушу мүмкүн, а экинчиден жашоо үчүн маанилүү болгон, мисалы, ВИЧ тууралуу маалыматтарды ЛГБТ арасында таратууга аракет кылган дарыгерлер сыяктуу адамдарга каршы болушу мүмкүн», — деп эсептейт ал.
Соавтор: Айдана Канатбек
Видео: Азат Рузиев