Парламенттеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаттары балдарга карата зордук-зомбулук жасагандарга өлүм жазасын киргизүүнү сунуштап жатышат. Партия мүчөлөрү аны колдогон 13 миң адамдын колун топтошкон.
Парламенттеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы балдарга карата зордук-зомбулук жасаган адамдар үчүн өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады.
Партия жыл башынан бери өлүм жазасынын киргизилиши үчүн кол топтогон. Бүгүнкү күнгө карата 13 миң адамдын колу бар.
Депутат Тынчтыкбек Шайназаров зордукчулдарды гана эмес, а балдарды өлтүргөндөрдү да өлүм жазасына тартуу керектигин сунуштады.
«Акча бар жерде бардык иштер жабылат. Ата-энелери акча иштеп табуу үчүн чет өлкөлөргө кетишет, а балдары бул жакта зордук-зомбулуктарга кабалып жатышат. Мен өлүм жазасын киргизүү идеясы менен макулмун, бирок бачабаздарга карата гана эмес, а зордукчулдар менен балдарды өлтүргөндөр үчүн дагы», — деп жазды «АКИпресс» басылмасы анын айткандарын.
Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова өлүм жазасын киргизүү чакырыктарын коркунучтуу деп эсептейт. Айтымында, анткени ал өлкөнү кайрадан өткөндөгүгө алып барат.
«Түрдүү деңгээлдеги депутаттар өлүм жазасын колдонуу керектиги жөнүндө айтып жатканда биз аябай өкүнүп атабыз, анткени бийликтин түрдүү бутактарында көптөгөн сабатсыз чиновниктер отурушат. Алар Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелери менен демократиялык өлкөнүн укуктук инструменттерин билишпейт, ал эмес алар өлкөнүн Конституциясын да окушкан эмес», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.
Исмаилова азырынча Кыргызстандын соттук системасы анчалык адилеттүү эмес экенин, андыктан ал жаңылыштыктарга алып бара турганын белгиледи.
«Соттук каталар, тергөөнүн каталары болот. Судья, прокурор жана сот аткаруучу тууган болгон корпоративдик-кландык система болот. Ошондуктан бул чакырыктар коркунучтуу. Мындай жол менен депутаттар ийгиликсиздиктер үчүн өздөрүнөн жоопкерчиликти алып салгылары келүүдө, анткени алар — начал башкаруучулар», — деди укук коргоочу.
2015-жылы активисттердин тобу өлүм жазасына киргизилген мораторийди жоюу демилгеси менен чыккан. «Кыргыз журтум» коомдук фонду балдарга карата зордук-зомбулук көрсөткөн кылмышкерлерди өлүм жазасына тартуу үчүн өлкөнүн түштүгүндө кол топтоону демилгелешкен.
Анда КСДП фракциясынан депутат Абдыманап Кутушев эгер мамлекет коомчулукка коркунуч жараткан «кылмышкерлерди катаал жазалоону» кааласа Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин билдирген.
Ал эми эл аралык жана укук коргоо уюмдары өлүм жазасына киргизилген мораторийдин алынышына каршы чыгышкан.
«Бизде кылмышкерлердин кылган кылмышын так аныктаган экспертизалар жок. Адам эмненин негизинде соттолду десең, көбүнчө өзү күнөөсүн мойнуна алды дешет. Бейкүнөө жерден камалгандар толуп жатат. Анан ушундай шартта, техникалык мүмкүнчүлүктөр жок туруп, бул жазаны киргизүү туура эмес. Соттордун адилет чечим чыгарарына эч ким кепилдик бере албайт. Андан көрө кылмыш жасаган адамдарды кайра тарбиялоо аркылуу, гумандаштыруу жолу менен кылмыштуулукка каршы турсак жакшы болмок», — деген «Коомдук иликтөө институтунун» директору Рита Карасартова «Азаттык» радиосуна курган маегинде.
Кыргызстанда өлүм жазасы 2007-жылы жоюлган, а ага киргизилген мораторий 1998-жылдан бери иштеп келген.