Bahh Tee деген ысым менен белгилүү орусиялык ырчы Бахтияр Алиев Бишкектеги филармонияда 19-майда ырдады.

Бул Бахтияр Алиевдин — Bah Tee деген каймана ат менен сахнага чыгып жүргөн орусиялык ырчы — Кыргызстанга экинчи жолу келиши. Анын концерти 19-майда Бишкектеги филармонияда болду.

IMG_5001

IMG_4930

IMG_4935

Филармониянын залы дээрлик элге жык-жыйма толду. Bah Tee өзүнүн — «Джаная — Джаная», «Неужели ты моя», «Крылья» сыяктуу бир топ хиттерин аткарды.

IMG_4959

IMG_4969

IMG_5062

IMG_5120

IMG_4962

Ырчы жай бий бийлөөнү каалагандардын бардыгын сахнага чакырды. Күйөрмандарынын реакциясы көп күттүргөн жок — ондон ашык түйгөй филармониянын сахнасына чыгышып, «Э.М.М.О.» деген ырдын коштоосунда бийлешти. Ошол маалда залдагы жарык өчүрүлүп, филармонияны көрүүчүлөр тараптан чыккан жарыктар каптады — күйөрмандары телефондорунун экрандары менен чырактарын күйгүзүштү.

IMG_5144

Кыздар басымдуураак кылган көрүүчүлөр ырчыны абдан жакшы тосуп алышты — концерттин аягына чейин залдан кыйкырык-сүрөөндөр угулуп турду.

IMG_5132

IMG_4944

Алиев Kloop.kgге курган маегинде ага мындай элдин алдында чыгып ырдоо жагымдуу болгонун айтты — көрүүчүлөр концерттин башынан аягына чейин ырчы менен кошулуп ырдашты.

«Жакынкы убактарда «Никотин» же башка ушул сыяктуу жаңы ыр чыгарууну пландап жатабыз», — деди ырчы өз пландары тууралуу айтып.

IMG_5162

Bah Tee — интернет менен социалдык-түйүндөрдөгү популярдуулугунун аркасы менен белгилүүлүккө жеткен москвалык ырчы Бахтияр Алиевдин каймана аты. Ырчы музыкалык билимге ээ эмес — адистиги боюнча ал соттук-медициналык эксперт.

Сүрөт: Уулжан Саякбаева