23-майда Орусиянын Красноярск аймагындагы «Восточный» алтын кенинде тоо массасы урап түшүп, 300-560 метр тереңдикте иштеп жаткан 150дөн ашык жумушчу кенде камалып калышты. Кырсык болгон жерге куткаруучулар барышып, 90 кишини куткарышты.

«Восточный» алтын кениндеги тоо массасынын кулап кетиши 154 жумушчунун кенде камалып калышына алып келди. Окуя 23-майда Орусиянын Красноярск аймагындагы Түндүк Энесай районунда болду.

Орусия ӨКМинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, азырынча андан каза болгондор жана жабыркагандар жок.

«Бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 10:00дөрдө ачык карьердин бир бөлүгү кулап кетти. Жабыркагандар жана каза болгондор жок», — деп жазды Орусиянын «Интерфакс» агенттиги ӨКМдин билдирүүсүн.

РИА-Новости басылмасы билдиргендей, андагы жумушчулар 300-560 метр тереңдикте камалып турушат. Анын маалыматтары боюнча, учурда кырсык болгон жерде 90 кишини алып чыгууга жетишишкен медициналык кызматкерлер менен куткаруучулар иштеп жатышат.

«Азыркы учурда штаттан сырткаркы тоо-куткаруу командасы менен аскерлештирилген тоо-куткаруу бөлүгүнүн катышуусунда эвакуация иштери жүргүзүлүүдө. Жумушчуларды эвакуациялоону бир жарым, эки сааттын ичинде аяктоо пландалууда», — деп жазды басылма.

Кенди иштеткен «Полюс» компаниясы кулаган тоо массасынын көлөмү 50-70 миң куб метрди түзгөнүн билдирди. Болжолдуу түрдө, ал карьердин дубалдарынын негиздерин жеп кеткен жер алдындагы суулардан улам кулап түшкөн болушу мүмкүн.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, кендин жумушчуларынын арасында кыргызстандыктар жок. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги алар боюнча маалыматтар дагы тактала тургандыгын билдирди.

«Восточный» карьери — 1980-жылдардын аягынан бери иштетилип келе жаткан Орусиядагы ири алтын кендеринин бири. Жылына карьерден 50 миллион куб метрге жакын тоо массасы алынып чыгарылат. 30 жылдан ашык мезгилден бери кенде 390 тоннадан ашык алтын өндүрүлгөн.

Сүрөт: Настоящее время