Бишкек мэриясы ЦУМдун алдындагы мажүрүм талдарды кыюуну пландап жатат

Бишкек мэриясы борбордук «Айчүрөк» универсал дүкөнүнүн алдындагы мажүрүм талдарды кыюуну сунуштады. Муниципалитеттин пикиринде, талдар шаардыктардын өмүрүнө коркунуч туудурат.

Бишкек мэриясы «Айчүрөк» борбордук универсал дүкөнүнүн (ЦУМ) жанындагы оргума комплексинин айланасында өсүп жаткан үч мажүрүм талды кыйып салуу чечимине келди. Бул тууралуу 23-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, бактарды кыюу тууралуу корутундуну муниципалдык «Жашылдандыруу» ишканасы менен Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери чыгарган. Алар мажүрүм талдар «чириген тамырынан» улам коркунуч жарата тургандыктарын билдиришкен.

«Мажүрүм талдар жаратылышынан эле 100 жашка чейин сейрек өсүшөт. Алардын сөңгөгү абдан жумшак жана жеңил, ошондуктан алар курт-кумурскалар тарабынан зыянга учуратылат. ЦУМдун алдында өсүп жаткан мажүрүм талдарга 70 жыл болду, алардын сөнгөктөрү көңдөйлүү жана тамырлары чириген. Катуу шамал болгондо алар кулап кетиши мүмкүн, ал шаардыктардын өмүрүнө коркунуч жаратат», — деп жазды мэрия эксперттик корутундунун текстин.

Эколог Эмил Шүкүров мажүрүм талдардын коркунуч туудурчу абалда экендиги тууралуу «Жашылдандыруу» ишканасынын корутундусунан күмөн саноодо. Анын пикиринде, бактарды кыюу идеясы Бишкектин борборунда адам өмүрүн алып кеткен бактын кулашынан кийин башталган өнөктүктүн бир бөлүгү болуп калган.

Тема боюнча: Бишкек бийлиги: Адамды басып калган бактын тамыры чирик болгон

«…Азыр бактардын баарын дароо кыйып салууга болбойт, алардын ордулары бош калып калат. Андан көрөк көп жылдык эски өсүмдүктөрдүн жанына көчөттөрдү отургузуп, алардын күч алышын күтө туруу керек. Мында азыраак зыян келет. ЦУМдун алдындагы талдар жөнүндө айтсам, ал талдардын коркунуч жарата турган абалда экенинен күмөн санап жатам. Эгер ошондой болсо деле – аларды кыйып салууга себеп жок. Алардын жанынан 2-3 тирөөч орнотуп коюуга болот, алар талдарды кеминде дагы бир нече ондогон жылдар бою кармап турушат», — деп билдирген ал «Vesti.kg» басылмасына курган маегинде.

«АрчА демилгеси» коомдук фондунун директору Дмитрий Ветошкин шаардагы бак-дарактар санитардык жана жашартуу максатында кесүүлөргө муктаж экенин билдирди. Бирок ал анда кеп аларды толугу менен кыйып салуу тууралуу болбошу керек деп эсептейт.

«Алар биздин шаарыбыздын символу болуп эсептелген көп эмес бактардын бири. Кайра отуругузулган кандай гана бак болбосун андай көлөмгө, андай улуулукка жетпейт. Шаарда бактардын кулап жатышы — бул шаарыбыздын жашыл фондунун каралбай калгандыгынын жыйынтыгы, бирок ал бактардын бардыгын катары менен кыюуга себеп эмес», — деп жазды ал «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына.

«Кулап жаткан бактар»

Бишкекте бактарды кыюу өнөктүгү шаардын ар кайсыл бөлүктөрүндө эски бактар кулаган бир нече учур катталгандан кийин башталган. Мамэкотехинспекция муниципалдык «Жашылдандыруу» ишканасына шаардагы бардык бактарды карап чыгып, адам өмүрүнө коркунуч жараткандарын жок кылуу боюнча жазма буйрук берген.

Ага ошондой эле 27-мартта болгон окуя да себеп болгон — анда Турусбеков көчөсүндөгү терек токтоп турган жана жолдон өтүп бара жаткан унаанын үстүнө кулап, анын айдоочусу каза болгон.

Ал бактын кулап кетишинин себептерин иликтөө комиссиясы нымдуулуктун көп болгондугунан улам теректин тамыры чирип кеткендигин аныктап чыккан. «Жашылдандыруу» ишканасы тез аранын ичинде шаардагы бак-дарактарды текшерүү иштерин жүргүзүп, алардын жыйынтыктары боюнча бардык эски жана ооруга чалдыккандарын кыйып салууну чечкен.