Кайгуул милициясынын кызматкерлери унаасын Токтогул көчөсүндөгү веложолго токтотуп коюшкан. Эреже бузууну Kloop.kgнин кабарчысы видеого тартып алды.

Kloop.kgнин кабарчысы кайгуул милициясынын экипажы Токтогул көчөсүндөгү велосипед жолуна токтотулган жеке унаада рейд жүргүзүп жатканын видеого тартып алды.

23-майда тартылган ал видеодо милиция кызматкерлеринин айып пулдарды унаанын капотунда жазып жаткандыктары көрүнүп турат. Автоунаанын кайгуул милициясынын кызматкерлерине таандык экендигин андагы видеорегистратор менен жол кыймылын көзөмөдөө иштерин эсепке алуу журналы ырастап турат.

Милиционерлердин өзүлөрү эреже бузуу фактысын мойундарына алышкан жок жана Kloop.kgнин кабарчысына автоунаанын аларга таандык эмес экенин айтышты.

«Бул биздин унаа эмес, биздики жөө кайгуул экипажы. Биз унаасын туура эмес жерге токтоткондугу үчүн протокол жазып берели деп эреже бузган айдоочуну күтүп жатабыз», — деп жооп берди кайгуул милициясынын кызматкерлеринин бири.

Бирок кабарчы менен болгон маектен 15 мүнөттөн кийин милиция кызматкерлери ал автоунаага отуруп, айдап кетишти.

Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Оторов Kloop.kgге курган маегинде эреже бузгандарга карата 1000 сом өлчөмүндөгү айып пул түрүндөгү административдик жана дисциплинардык жаза колдонулушу мүмкүндүгүн айтты.

«Жол эрежеси бардыгы үчүн бирдей, эгер жөнөкөй жарандар тарабынан, ошондой эле кайгуул милициясынын кызматкерлери тарабынан эреже бузуу фактылары аныктала турган болсо, анда жалпы негизде административдик протокол түзүлүп, тергөө жүргүзүлөт. Биз бул факты боюнча териштирүүнү баштайбыз жана эреже бузгандарга карата чараларды көрөбүз», — деди ал.

Велосипедчилер бирикмесинин өкүлү Искендер Алиев Kloop.kgге мындай эреже бузуулар веложол менен көчөнүн унаалар өткөн бөлүгүнүн ортосунда тосмолордун жоктугуна байланыштуу экенин айтты.

«Велосипедчилердин укуктары күн сайын бузулат, Токтогул көчөсүнүн Республикалык ооруканага жакын бөлүгүндө дайыма жол бөгөлгөн. Ал биздин элдин унаа айдоо маданияты. Веложол көчөнүн унаалар өтчү бөлүгүнөн эч нерсе менен бөлүнгөн эмес, мэрия башында эле бул жөнүндө жакшы ойлонгон эмес. А кайгуул милициясынын кызматкерлеринин өзүлөрү тараптан эреже бузуу болгондугу жөнүндө жөнөкөй эле жөө адамдар да айта алышат. Коом кандай болсо милициясы да ошондой», — деди ал.

Соавтор: Александра Титова