Оштун мэрин шайлоодо шаардык кеңештин депутаттарынын көбү КСДПнын талапкери Айтмамат Кадырбаевге добуш беришти.

25-майда өткөн Оштун мэрин шайлоодо шаардык кеңештин депутаттарынын көбү КСДПдан талапкер Айтмамат Кадырбаевге добуш беришти.

Оштун мэри кызматын 2014-жылдын январынан бери ээлеп келе жаткан Кадырбаев 41 депутаттын колдоосуна ээ болду. Экинчи талапкер — «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Алишер Мойдуновго шаардык кеңештин төрт депутаты добуш берди.

Кайрадан шайланган мэр турак-жай жетишсиздиги жана жол тыгындары көйгөйүн чечүү менен алектенүүнү убадалады. Буга чейин ал Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде кайра мэр болуп шайланып калса «мурун аткарылбай калган иштер» менен алектене тургандыгын айткан.

«Эл өкүлдөрү бүгүн мага ишеним көрсөтүштү. Эми аны акташ үчүн мэрия күнү-түнү иштеши керек», — деди Кадырбаев.

Шайлоо комиссиясынын өкүлү Гүлнара Батырова Kloop.kgге курган маегинде шайлоо мыйзам бузууларсыз өткөнүн айтты.

«Мен шайлоо кандайдыр бир мыйзам бузууларсыз өттү деп эсептейм. Мында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү болушту. Тигил же бул талапкердин кимдир бирөөнүн өзүнө шайлап коюшун өтүнүп жаткан учурлар катталган жок», — деди ал.

Шаардык кеңештин депутаттары Айтмамат Кадырбаевдин талапкерлигин 12-майда көрсөтүшүп, ал көпчүлүк коалициясынын колдоосуна ээ болгон.

Кадырбаев алгач Ош шаарынын мэрлигине жалгыз талапкер болуп турган, бирок арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү «Өнүгүү — Прогресс» партиясы өз өкүлү Алишер Мойдуновдун талапкерлигин көрсөтүүнү чечкен. Мойдунов өзүнүн талапкер катары кеч каттоодон өткөндүгүн шайлоого катышуу үчүн керектүү болгон документтерди топтоого даярданып жүргөндүгү менен түшүндүргөн.

Ош шаардык кеңешинде «Мекеним-Кыргызстан», КСДП, «Бир Бол», «Кыргызстан», «Республика — Ата-Журт» жана «Өнүгүү-Прогресс» партияларынан турган 45 депутат бар. КСДП 16 мандатка,  «Өнүгүү-Прогресс» төрт мандатка ээ.

Сүрөт: Дастан Үмөттегин