Мурдагы кыргыз депутаты Шаршенбек Абдыкеримов Лондондогу эң бийик The Tower – One St.George Wharf мунарасындагы батирлердин ээлеринин арасында болуп чыкты. Бул тууралуу 24-мартта The Guardian басылмасы жазды.

24-майда британиялык The Guardian басылмасы Улуу Британиянын борборундагы эң бийик имараттын батирлерине ээлик кылган адамдар көрсөтүлгөн материал жарыялады. Лондон мунарасындагы сый жайлар таандык болгондордун арасында мурдагы кыргыз депутаты Шаршенбек Абдыкеримов да бар болуп чыкты.

«Владимир Путиндин жакын санаалашы болгон орусиялык миллиардер Адрей Гурьев, Нигериянын кудуретсиз деп табылган банкынын мурдагы төрагасы Эбитими Баниго жана кыргыз алкоголь магнаты Шаршенбек Абдыкеримов Улуу Британиянын көк тиреген эң бийик имаратындагы батирлердин сатып алуучуларынын катарында болуп чыгышты», — деп жазды The Guardian.

Шаршенбек Абдыкеримов — Кыргызстандын эң бай адамдарынын тизмесине кирет, «Республика» партиясынан бешинчи чакырылыштын депутаты болгон. Экономикалык «Тазабек» басылмасынын рейтингинде эң көп үй-бүлөлүк кирешеге ээ болгон он депутаттын катарына киргизилген.

Ал ошондой эле ишкер жана ири «Аю» арак компаниясынын ээси болуп эсептелет. Ага үйлөр, имараттар жана жер тилкелери таандык. Кирешелери тууралуу декларацияга ылайык, экс-депутат 2014-жылы жер тилкесин сатуудан 110 млн. сом жана автоунаа сатуудан 2 млн. сом иштеп тапкан. Учурда Абдыкеримов Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетин жетектейт.

Көк тиреген мунарадагы батирлер

The Tower – One St. George Wharf мунарасы — үч бөлүктөн турган турак-жай комплекси. Анын негизинде лобби, спорттук борбор жана бизнес-зал бар. Андан бир деңгээл жогорураакта кадимки батирлер, а акыркы кабаттарында — чоң балкондорго ээ ачык террасалуу «люкс» классындагы батирлер жайгашкан, алардын баасы 3 млн. доллардан башталат.

St-George-Wharf

The Guardianдын маалыматы боюнча, бийиктиги 180 метрди түзгөн 50 кабаттуу имараттагы батирлердин көбү чет өлкөлүктөргө таандык. Басылма батирлердин бир бөлүгү офшор аймактары аркылуу сатылып алынгандыгын билдирүүдө.

Лондондун ал имаратындагы батир ээлерине кызыгуу «чет өлкөлүк менчиктерди тартипке келтирүүнү» убадалаган шаардын мэри Садик Хандын билдирүүсүнөн кийин жаралган. Ал эрежелерди кайрадан карап чыгып, башка өлкөлөрдүн жарандарына сатуунун алгачкы алты айында гана сатып алуу мүмкүндүгүн бергендей кылып өзгөртүү керектигин айткан. Анын пикиринде, бул британдыктардын өзүлөрүнүн турак-жай сатып алууларына мүмкүндүк берет.

Kloop.kgнин редакциясы бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Шаршенбек Абдыкеримов менен байланыша алган жок.