Экс-депутат жана ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго тиешелүү болгон «Аю» холдинги чынында эле ээсинин Лондондун эң бийик мунарасында батири бар экенин «Азаттык» радиосуна ырастады.

«Аю» холдингинин вице-президенти Балбак Түлөбаев «Азаттык» радиосуна курган маегинде ишкер жана холдингдин ээси Шаршенбек Абдыкеримовдун чынында эле Лондондогу The Tower – One St. George Wharf деген асман тиреген мунарасындагы батирлердин бирине ээлик кыларын билдирди.

Анын айтымында, Абдыкеримов батирди 5-6 жыл мурда сатып алган жана акчасын дароо эмес, а бөлүп-бөлүп төлөгөн.

«Анын акчасы дароо эмес, бөлүп-бөлүп төлөнгөн. Ошондой эле мында эч кандай коррупция жок. Британияда чет өлкөлүк жарандардын кыймылсыз мүлк сатып алышы — инвестициянын түрлөрүнүн бири», — деп жазды «Азаттык» анын айткандарын.

Экс-депутат жана ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун Лондондогу эң бийик имаратта батирге ээлик кыла тургандыгы жөнүндөгү маалымат 24-майда пайда болгон.

Британиянын The Guardian басылмасы Лондон мунарасындагы батирлердин ээлери тууралуу материал жарыялап, анда Абдыкеримовдун аты-жөнү да көрсөтүлгөн.

«Владимир Путиндин жакын санаалашы болгон орусиялык миллиардер Адрей Гурьев, Нигериянын кудуретсиз деп табылган банкынын мурдагы төрагасы Эбитими Баниго жана кыргыз алкоголь магнаты Шаршенбек Абдыкеримов Улуу Британиянын көк тиреген эң бийик имаратындагы батирлердин сатып алуучуларынын катарында болуп чыгышты», — деп жазган The Guardian.

The Guardianдын маалыматы боюнча, бийиктиги 180 метрди түзгөн 50 кабаттуу имараттагы батирлердин көбү чет өлкөлүктөргө таандык. Басылма батирлердин бир бөлүгүнүн офшор аймактары аркылуу сатылып алынгандыгын билдирген.

Шаршенбек Абдыкеримов

Шаршенбек Абдыкеримов — Кыргызстандын эң бай адамдарынын тизмесине кирет, «Республика» партиясынан бешинчи чакырылыштын депутаты болгон. Экономикалык «Тазабек» басылмасынын рейтингинде эң көп үй-бүлөлүк кирешеге ээ болгон он депутаттын катарына киргизилген.

Ал ошондой эле ишкер жана ири «Аю» арак компаниясынын ээси болуп эсептелет. Ага үйлөр, имараттар жана жер тилкелери таандык. Кирешелери тууралуу декларацияга ылайык, экс-депутат 2014-жылы жер тилкесин сатуудан 110 млн. сом жана автоунаа сатуудан 2 млн. сом иштеп тапкан.Учурда Абдыкеримов Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетин жетектейт.