«Насыя алгандардын укуктары боюнча элдик кыймылдын» мүчөлөрү АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдына митингге чыгышты. Алар элчиликтен насыя карыздарынын кечилишине жана пайыздык чендердин төмөндөтүлүшүнө жардам берүүнү талап кылышты.

26-майда насыя алган 500гө жакын киши АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдына митингге чыгышты. Алар америкалык дипломаттардан «Компаньон», «Бай-Түшүм» жана «ФИНКА Банк» банктарынан алынган насыя карыздарынын кечилишине жардам берүүнү талап кылышты.

Алар колдоруна «Биз каржы системасынын кулдары эмеспиз», «Биз акча реформасын талап кылабыз» жана «Карыздар өлтүрөт» деген жазууларды кармап алышкан.

Митингдин катышуучулары банктардын насыяларды «жогорку пайыздык чендер» менен берип жаткандыктарына нааразы экендиктерин билдиришти. Алардын пикирлеринде, пайыздык чендердин жогору болушу насыяны төлөп берүүнү оорлотот, өзгөчө «каржы каатчылыгы» маалында.

«Биз төлөө мөөнөттөрүнүн узартылышын, пайыздарынын төмөндөтүлүшүн жана айыптардын алынып салынышын каалайбыз. Биз бийликти басып алалы деген жокпуз, бирок бизди угууларын талап кылып жатабыз», —  деди насыя алган Кочкорбай Култаев Kloop.kgге курган маегинде.

Митингдин катышуучусу Тайыржан Гуламидинов 2015-жылы мал багуу үчүн деп 100 миң доллар насыя алган, бирок каатчылыктан улам малынын баарын сатууга туура келгендиктен банкка карызын төлөй албай келет.

«Акчаны алгандан кийин мен бир жарым гектар жер алгам, мага Москвадан герефорд тукумундагы уйларды алып келип беришкен. Бирок каатчылык келгенден кийин мага анын баарын сатып салууга туура келди. Мен пайыздары төмөндөтүлсө дейт элем»,— деди Гуламидинов.

Kloop.kgнин редакциясы бул боюнча банктардан түшүндүрмө ала алган жок — алардын кызматкерлери расмий жазуу түрүндө сурам жөнөтүшүбүздү өтүнүчтү. Банктардын биринен кабарчыбызга бир аздан кийин кайра чала тургандыктарын убадалап, бирок ошол бойдон байланышка чыгышкан жок.

miting-u-posolstva-USA-1-1068x601

Финансист Александр Хван коммерциялык банктардагы пайыздык чендердин жогорулоосуна жашоонун бардык тармагына таасирин тийгизген рыноктогу туруксуз абал түрткү болууда деп эсептейт. Анын айтымында, пайыздык чендердин төмөндөтүлүшү үчүн банктар улуттук валютадагы ресурстарынын көлөмдөрүн көбөйтүшү керек.

«Азыр банктар эл аралык донорлор менен инвестициялык компаниялардан каржылоону АКШ доллары менен алууга аргасыз. Анан ал долларларды улуттук валютага конверсиялайт. Рынокто сомдун жетишсиздигин эске алуу менен алмаштыруу операциясы кымбаттап кетти. Ошондуктан насыялардын баасы көбүнчө көп киреше алуу үчүн жарышка эмес, а ресурстун алгачкы баасына жараша болот», — деди ал.

«Насыя алгандардын укуктары боюнча элдик кыймылдын» өкүлү Кубат Токсобаев Kloop.kgге каржы институттары «рэкет» менен алектенишип, берилген акчанын кайтарылышын талап кылып «адамдарды өз жанын кыюуга чейин жеткирип жаткандыктарын» айтты.

Токсобаевдин айтымында, АКШ элчилигинин алдындагы митинг — бул «америкалык бейөкмөт уюмдар тарабынан каржыланып жаткан» каржы институттарына таасир этүү аракети.

«Алар рэкет менен алектенишет. Алар барымтага алуу менен алектенишет, бизде жетиштүү фактылар бар, алар адамдарды өз жандарын кыюуга чейин жеткирип жатышат» , — деди ал.

Экономист Искендер Шаршеев адамдар насыя алуудан мурда өз мүмкүнчүлүктөрүн баалашы керек деп эсептейт.

«Мен эмнеге митингге чыгуу керектигин анча түшүнбөй турам. Адам насыя берүү кеңсесине кайрылардын алдында өз мүмкүнчүлүктөрүн баалашы керек. Эгер насыя алган адам банктын алдындагы карызын төлөөдөн баш тартып жатса, анда аны алдамчылык катары бааласа болот», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Бул насыя алгандар карыздарын кечүүнү жана пайыздык чендерди төмөндөтүүнү талап кылып чыккан алгачкы митинг эмес. 2011-жылдын сентябрында алар банктар карыздарын төлөбөгөндүгү үчүн үйлөрүн «тартып алып баштагандыктарын» айтып, нааразычылык акциясына чыгышкан. Алар президент менен өкмөттүн отставкасын да талап кылышкан. Бир жылдан кийин алар кайрадан кичи насыя берүү компанияларына каршы митингге чыгышып, алардын жабылышын талап кылышкан.