Оштогу өзбек коомчулугунун мурдагы лидери Кадыржан Батыровдун уулу президенттен анын мүлкүн Бакиевдердин үй-бүлөсүнө берген Жалал-Абад шаардык сотунун чечимин кайрадан карап чыгуусун өтүндү.

Өзбек коомчулугунун мурдагы лидери Кадыржан Батыровдун уулу сот ага таандык болгон мүлктү бийликтен куулган президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө мыйзамсыз бергенин билдирди. Бул тууралуу ал 25-майда, президент Алмазбек Атамбаевге жолдогон катында жазды.

«Сизден менин үйүмдүн Санжар Бакиевдин ээлигине берилишинин мыйзамдуулугун текшерүү үчүн Бишкектен тергөө тобун түзүү буйругун беришиңизди өтүнөм», — деп жазды ал.

Батыров ачык катында чиновниктерди коррупциялашкан деп айыптады. Анын айтымында, алар анын үйүн Санжар Бакиевге бериш үчүн жасалма документтерди даярдашкан.

«Мамлекеттик каттоо кызматынын Сузак райондук бөлүмү менен Таш-Булак айыл өкмөтүнүн коррупциялашкан чиновниктери Бакиевдерге жасакерленип, Кадыржан Батыровдун атына жазылган менин үйүмдүн жасалма документтерин даярдашкан, а сот аткаруучулары аны Бакиев Санжардын менчигине беришкен», — деп жазды ал.

Президенттин аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаз Үсөнов Kloop.kgге азырынча президенттин расмий жообунун кандай болорун айта албай турганын билдирди. Ал Башкы прокуратура бул боюнча кылмыш ишин козгогонун белгиледи.

«Президенттин аппараты реакция кылат, бирок азырынча кандай реакция болорун айта албайм. Бул менин ыйгарым укуктарыма кирбейт», — деди ал.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан Kloop.kgге бул иш боюнча тергөө баштала электигин билдиришти. Басма сөз кызмат өкүлүнүн айтымында, мекеме президенттин реакциясынан кийин гана чараларды көрөт.

«Азырынча биз расмий кат ала элекпиз. Бирок качан президенттин реакциясы жарыяланып же айтылгандан кийин дароо тергөө тобу түзүлөт. А азырынча ал президенттин аппаратына тиешелүү», — деди мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү.

18-майда Жалал-Абад шаардык соту Батыровдун үйүн Санжар Бакиевдин менчигине өткөрүп берген.

Мындай чечимди сот 2010-жылдагы апрель окуялары маалында Батыровдун тарапташтары тарабынан үйүнүн өрттөлгөндүгү үчүн компенсация талап кылган Бакиевдердин жакындарынын доо арызынын негизинде кабыл алган.

Кадыржан Батыров — ишкер жана Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбек коомчулугунун мурдагы лидери. Ал 2010-жылдын июнундагы массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана ага катышууга айыпталган.

Учурда Батыров эл аралык издөөдө. «Азаттык» радиосунун маалыматына ылайык, ага Швецияда саясий башпаанек берилген.

Автор: Александра Титова