Кыбыраган кардарлар, унаа тыгындары жана кайгуул милициясы — Бишкектеги такси айдоочуларына эң жакпаган нерселер мына ушулар. Kloop.kgнин кабарчысы такси айдоочулары менен маектешип, күнүмдүк жумушунда аларга эмнелердин жакпай тургандыгын билип келди.

Бишкекте такси кызматы менен бир дагы жолу пайдаланбаган адамды табуу кыйын. Жеке иштер менен шаардын бир бөлүгүнөн экинчи бөлүгүнө көп баруу керек болгон азыркы реалдуулуктун шартында такси — кыйла ыңгайлуу жана тез варианттардын бири.

Анткен менен такси жүргүнчүлөрү алардын айдоочуларынын күнүмдүк ишинде кандай учурларга туш боло тургандыктарына дайыма эле кызыга беришпейт.

Түрдүү такси кызматтарынын кызматкерлери Kloop.kgнин кабарчысына алар күн сайын туш болгон кыйынчылыктар жана алардын кыжырын келтире турган нерселер жөнүндө айтып беришти.

taksi4-1068x712

— Бишкектеги көчөлөрдүн көбүндө аң-чуңкурлардын бар экендиги кыжырды келтирет. Унааны ай сайын оңдотуп турууга туура келет, а ага тапкан акчаңдын дээрлик бардыгы кетет.

— Кардарды алып кетүү үчүн тезирээк баруу керек болуп жаткан учурда шаардагы унаа тыгыны кыжырды келтирет.

— Шаарда унаа тыгыны болуп жатканда кардарлардын дайыма шаштыра бергендери жакпайт, андай учурларда тезирээк айдоого мүмкүн болбойт же жол эрежесин бузууга туура келет.

taksi1-1068x712

— Маршруттук такси айдоочуларынын аялдамага толуп алышып, унаа тыгынын жараткандыктары кыжырды келтирет. Аялдаманын айланасын толугу менен маршруттук таксилер курчап алгандыктан биз аялдамадага келип андагы кардарларыбызды ала албай калабыз.

— Кардарлардын өз убактыларын пландай албагандыгы кыжырды келтирет: алар такси чакыргандан кийин ар мүнөт сайын чалып, тез келүүбүздү өтүнүшөт да келсең даяр эмес болуп чыгышат. Анан аларды 15-20 күтөсүң.

— Кардарга телефон чалып, аны шаштыра албаганың жакпайт.

— Операторлордун орой мамиле кылгандыктары кыжырды келтирет. Операторлорго чалганыбызда алгач кардар экен деп учурашып, бизге сылык мамиле кылышат. Такси айдоочусу экенин билгенден кийин: «А сен белең?» дешет. Бизди укпастан эле телефонду кайра коюп койгон учурлар да болгон.

taksi3-1068x712

— Адамдардын өзүлөрүн жогору сезип, орой болуп, учурашпагандыктары кыжырды келтирет. Адамдардын көбү такси айдоочуларына кулдарга кылгандай мамиле кылышат. Бизге жүз сом төлөшөт да анан бизди сатып алгансып мамиле кылышат. Мен ал акчадан баш тартып, унаадан чыгып кетишин талап кылууга укуктуумун.

— Заказды жокко чыгарып салгандары жакпайт. Унаа тыгындары маалында биз белгиленген жерлерге өтө жай барабыз, кардар болсо көпкө күткөн соң заказды жокко чыгарып коет. Жыйынтыгында биз бензин коротуп, ошол эле маалда кардары жок калабыз.

— Мэриянын жол оңдоо кызматынын өтө узак иштегени жакпайт. Алардын айынан транспорт кыймылынын баары жай болуп калат. Көчөлөрдү түн ичинде оңдосо деле болот да: аларга да, бизге да эч ким тоскоолдук кылбайт. Мисалы, Лумумбы көчөсүн жарым жылдан ашык убакыттан бери оңдоп жатышат, андай көчөлөр көп.

Борбордун мэриясынын маалыматы боюнча, Патрис Лумумба көчөсү 2015-жылдын 15-ноябрына, а Садыгалиев көчөсү 25-октябрына чейин оңдолуп бүтүшү керек болчу. Бишкек мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматтары боюнча, аталган көчөлөрдү оңдоо иштери 2016-жылдын августунун аягына чейин бүткөрүлөт.

— Жаңы жолдордун бир нече айдан кийин эле бузулуп, жолду кайра тосуп, кайрадан оңдоп баштагандыктары кыжырды келтирет.

— Унаа айдаганды билбегендер жинди келтирет. Айдоочулар эч кандай эрежелерди сакташпайт, унааларын туура эмес жерлерге токтотушат, тыгындарды жаратышат, а биз өтө албай калабыз. Айдоочулук күбөлүктү сатып албастан унаа айдаганды үйрөнүү керек.

taksi2-1068x712

— Унааңа мас жүргүнчүлөрдүн отурганы кыжырды келтирет. Алар өзүлөрүн жаман алып жүрүшөт, ал эмес алардын акча төлөбөй койгон учуралары да болот.

— Бактардан улам жол белгилеринин начар көрүнгөнү жакпайт. Сен белгини байкабай калып туура эмес өтүп кетесиң, а жол кайгуул кызматы ал үчүн айып пул жазат.

— Кире бериштеги жолдун ичкелигинен улам үйлөрдүн короосуна кире албаганың жакпайт. Көбүнчө мындай көйгөйлөргө шаардагы кичи райондордо туш болосуң. Жашоочулар автоунааларын үйлөрүнүн алдына коюп, жолду жаап алышат, а биз же кире албайбыз, же артка кайрыла албайбыз.

Материалдагы сүрөттөр иллюстрациялык мүнөзгө ээ