«Кумтөр» алтын өндүрүү компаниясы «экологиялык зыян» келтиргендиги үчүн деп Кыргызстанга 6,7 млрд сом айып төлөп берүүгө милдеттендирген соттун чечими боюнча жогорку баскычка даттанат.

«Кумтөрдүн» акцияларнын 100 пайызына ээлик кылган «Центерра» компаниясы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын талаптары менен макул эмес.

Инспекция «Кумтөргө» каршы жазылган төрт доо арыздын экөөсүндө утуп чыгып, сот компанияны Кыргызстанга 6,7 млрд. сом айып төлөп берүүгө милдеттендирген.

«Центерра» менен «Кумтөр Оперэйтинг Компани»  Мамэкотехинспекциянын дооматтары менен таптакыр макул эмес жана эки соттун чечими боюнча тең Бишкек шаардык сотуна, эгер зарыл болсо Кыргызстандын Жогорку сотуна да даттанат. Андан сырткары «Центеррада» дагы, «Кумтөр Оперэйтинг Компаниде» дагы бул сыяктуу талаш-тартыштарды эл аралык арбитражга берүү укуктары бар», — деп жазылган компаниянын пресс-релизинде.

«Кумтөр» инспекциянын дооматтары «2009-жылы кайрадан каралган инвестициялык келишимде жазылган эл аралык арбитраж тууралуу жобого туура келип калгандыктан» аларды негизсиз деп эсептейт.

Компаниядан талаштуу маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдар менен «тыгыз кызматташууну» уланта тургандыктарын белгилешти.

26-майда Мамэкотехинспекция «Кумтөр» тарабынан келтирилген чыгым мамлекетке төлөнүп бермейинче соттошо бере турганын билдирген.

Инспекция жалпысынан «Кумтөргө» карата төрт доо арыз берген:

  • — Эсепке алынбаган калдык заттар боюнча 600 миң сомдон ашык суммага;
  • — Калдыктарды муз үстүнө таштоо боюнча;
  • — Жер катмары менен жер ресурстарын бузуу боюнча;
  • — Өндүрүштө жана чарбада пайдаланылган суу үчүн акы төлөбөө боюнча.

Үчүнчү доо арыз боюнча сот отуруму Бишкектин райондор аралык сотунда 27-майда өттү.

Буга чейин Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттик «Кумтөрдүн» жаратылышты сактоо тармагында аткарган иштери тууралуу отчет бербегендигин билдирип, компанияга эскертүү берген.

«Кумтөр» — толугу менен канадалык Centerra Gold Inс корпорациясына таандык болгон алтын өндүрүү компаниясы. Кыргызстан Centerraнын акцияларынын дээрлик 33%ына ээлик кылат.