Билим берүү министрлиги окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана алардын үй-бүлөлөрүнүн каражаттарын үнөмдөө үчүн беш жылдан бери мектептердин бүтүрүү кечелерин өткөрүүсүнө тыюу салып келет. Бирок тыюу бүтүрүүчүлөрдүн ал күндү өз алдынча майрамдоосуна тоскоолдук кылбайт.
2011-жылы Билим берүү министрлиги «тартип бузууларды болтурбоо» максатында окуучулар үчүн мептептердин милдеттүү бүтүрүү кечелерин өткөрүүсүнө тыюу салган. Ал жоопкерчилик өз балдары үчүн салтанаттуу кечелерди өткөрүүнү уюштуруу укугуна ээ болгон ата-энелерге өткөн.
Билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева «Ой ордо» берүүсүнүн эфиринде тыюу «балдадын коопсуздугун камсыз кылуу» үчүн киргизилгенин айтып түшүндүрдү.
«Эгер акыркы статистикаларга көз чаптыра турган болсок, анда бүтүрүү кечелерин оюн-зоок жайларында өткөрүү маалында балдардын саламаттыгына зыян келтирчү окуялардын болуп жатканын байкоого болот. Айрым учурларда балдардын өлүмүнө чейин жеткен учурлар да болот», — деди ал.
Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынын адиси Назира Мамбетмусаева Kloop.kgге бүтүрүү кечелерин ата-энелердин өзүлөрү өткөрө ала тургандыктарын, бирок андай болгондо окуучулар үчүн мектептер жоопкерчиликтүү болбой турганын айтты.
«Бүтүрүү кечелеринде балдардын кырсыктарга учурап, ал эмес зордуктоолорго кабылган учурлары, ошондой эле көптөгөн мыйзам жана тартип бузулар болгон. Эгер ата-энелер өзүлөрү өткөрүүнү каалашса, анда окуучулар үчүн да өзүлөрү жооптуу болушат», — деди басма сөз кызматтын өкүлү.
Мамбетмусаеванын айтымында, эгер мектеп администрациясы окуучулар менен ата-энелеринен акча чогултуп, бүтүрүү кечелерин өткөрө турган болсо, анда алар кызматтарынан алынышат.
Аты-жөнүн билдирүүдөн баш тартканы ИИМдин басма сөз кызматкери Kloop.kgге курган маегинде бүтүрүү кечеси болгон күндөрү окуучулар жол эрежелерин буза тургандыктарын айтты.
«Биринчиден, жол эрежелери бузулат. Экинчиден, айрым учурларда майда бейбаштыктар, мушташтар болот. Ал эмес кылмыштар болгон учурлар да жок эмес», — деди ал.
ИИМдин өспүрүмдөр менен иштөө башкармалыгынын начальниги Азамат Абдрахманов «Ой ордо» берүүсүнүн эфиринде бүтүрүү кечесин майрамдоонун жаңы ыкмаларын киргизүү керектигин билдирди.
«Алсак, 2015-жылдын 29-майында өспүрүмдөрдүн катышуусундагы сегиз окуя болгон: ал күнү үч киши дайынсыз жоголгон, эки зордуктоо болгон жана дагы бирөө өз жанын кыйган. Биз мас болуп алып коомдук тартипти бузган бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине 230 айып жазып бергенбиз», — деди Абдрахманов.
«Жоопкерчиликти оодаруу»
Бишкектин №48 мектебинин бүтүрүүчүсү Арина Апарина милдеттүү бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салуу жоопкерчиликти мектептен ата-энелерге «оодаруу сыяктуу көрүнүүдө» деп эсептейт.
«Бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу көп жылдардан бери эле бар жана ал өтө начар көзөмөлдөнөт. Бүтүрүү кечелери мурда кандай өтүп келген болсо, азыр деле ошондой өткөрүлүп жатат», — дейт ал.
Бишкектеги №6 гимназиянын бүтүрүүчүсү Адилет Эркинбеков бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө бир жактуу карабайт — ал аны эсте кала турган иш-чара катары жактырат, а «жыгылып калганча ичүүгө шылтоо болчу күн катары» жактырбайт.
«Жыл сайын көптөгөн кырсыктар болот, мушташтар жана башкалар. Баары тең айланаңдагы адамдарга жана классташтарыңдын ишенимдүүлүгүнө жараша болот. Мисалы, мен биздин балдардын өзүлөрүн маданияттуу, татыктуу алып жүрө тургандыктарына жана эч нерсе болбостугуна ишенем», — деди ал.
№24 мектептин бүтүрүүчүсү Кубан Мырзабеков салтанатка баруу «кымбат» болгондуктан бүтүрүү кечесине барбай турганын айтты.
«Менин классым жаңы, окуучулардын көбү 11чи же 10-класста келишкен, алар башка класстардын балдарын жакшы билишпейт. Көпчүлүк алар менен бизге жайлуу болбойт деген чечимге келишти. Бул биринчи себеп, а экинчиси, мектеп кыйла кымбат, бүтүрүү кечеси деле ошондой кымбат болот», — деди ал.
Мырзабеков анын классташтары бүтүрүү кечесин альтернативдүү жол менен өткөрө тургандыгын айтты.
«Мисалы, менин классташым бүтүрүү кечесинин ордуна достор жана ата-энелер менен чогу Ысык-Көлгө барып келсе жакшы болорун айтты. Аны көпчүлүгү колдошту. Айрымдары акыркы коңгуроодон кийин чогулуп өзүнчө отурушат. А жеке мен бүтүрүү кечесин өткөрүүнү жөн гана убакытты бошко кетирүү деп эсептейм. Экинчиден, мен башка класстарды тааныбагандыктан мага таптакыр кызыксыз болот. Мен албетте, анын салтка айланып калганын түшүнүп турам, бирок мен бүтүрүү кечесинен баш тартам», — деп эсептейт ал.
«Өткөрбөө керек»
№46 мектептин социалдык педагогу Айжан Жакыпова бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салуу керек деген пикирде.
«Эгер балдардын коопсуздугу жагынан алып карасак, анда бүтүрүү кечелери өткөрүлбөш керек. Бирок мен балдар баары бир эч кимди укпайт деп ойлойм. Ал салтка айланып калды да, балдар аны белгилешет. Эгер балдар бүтүрүү кечелерин спирт ичимдиктери жок өткөрсө уруксат берүүгө болот эле, бирок биздин балдар андай кылышпайт да», — дейт Жакыпова.
Каратал Табалдинов атындагы орто мектептин мугалими Гүлнара Эркинова дагы мектептерде уюштурулган бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салуу идеясын колдойт — ал андай салтанаттарды ата-энелердин өзүлөрү деле өткөрө алышат деп эсептейт.
«Мисалы, мен бүтүрүү кечесине барбайт болчумун, ата-энелер чакырса дагы. Аттестаттарын биз тапшырдык. Эми алардын бизге эч кандай тиешеси жок, эгер каалашса — бара беришсин», — деди ал.
№6 гимназиянын окуу бөлүм башчысы Гулина Мырзакматова тыюу салуулардын натыйжалуулугун көрбөйт.
«Канча жылдан бери катары менен буйруктар чыгып жатат! Жоопкерчиликтин баарын ата-энелер өзүлөрүнө алып жатышат, каалагандар барып, каалабагандар барбай эле. Биз канча тыюу салсак да алар баары бир өткөрүп жатышат. Ата-энелер балдары үчүн коштошуу кечесин өткөрүүнү каалашат жана аны өткөрүп берип атышат», — деди ал.
«Жаңы жашоого кадам таштоо»
Быйыл кызы мектепти аяктап жаткан Кундуз Бегалиева бүтүрүү кечеси — «үй-бүлөсүнүн бардык мүчөсү үчүн чоң майрам» экенин айтты.
«Мектептеги бүтүрүү кечеси — бул жаңы жашоого карата кеткен жолго ташталган алгачкы кадам. Биз кызыбыз үчүн бүтүрүү кечесин эсте калгыдай кылып өткөрүп берүүнү каалайбыз. Мектеп, мугалимдер жана алгачкы достору тууралуу жылуу жана эстен кеткис элестердин калышы үчүн. 27 жылдык эмгек тажрыйбасына ээ мугалим катары мен үчүн бул өтө маанилүү», — деди ал.
Ал бүтүрүү кечеси жашоодо бир гана жолу болгондуктан аны маанилүү күн деп эсептейт — Бегалиева салтанаттарды өткөрүүгө кеткен чыгымдар «кызынын ыраазычылыгы менен акталат» деп эсептейт.
«Ооба, акыркы коңгуроо менен бүтүрүү кечеси үчүн өтө көп акча кетет: көйнөгүнө, чачын жасалгалоого, операторго, алып баруучуга, кафедеги орундарга, мектепте, мугалимдерге белек берүүгө жана башкаларга. Бирок биз аны чыгым деп эсептебейбиз, анткени анын баары кийин актала тургандыгын билебиз. Кызыбыздын ыраазычылыгы менен акталат», — деди ал.
Бүтүрүүчүнүн атасы Абай Султангазиев бүтүрүү кечеси «жашоодогу маанилүү баскыч» болгондуктан, аны өткөрүү керек деп эсептейт.
«Биз ага бүтүрүү кечесин өткөрөбүз. Балдарыбыз үчүн жоопкерчиликтүүбүз, биз ал иш-чараны уюштурабыз. Ал биздин кыз үчүн маанилүү күн», — деди ал.
Сүрөт иллюстрациялык мааниге ээ. Булак: ВБ соцпорталы.