Кыргызстандыктар Сокулук районунун Күн-Туу айылында Чүй облусунун 90 жылдыгын белгилешти. 27-майда өткөн майрамдык иш-чарага он миңге жакын киши барды.

Театралдаштырылган оюн-зоок, кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы майрамдык гала-концерт, спортчулардын өнөр көрсөтүүлөрү — мунун баары Чүй облусунун 90 жылдыгына арналган иш-чарада көрсөтүлдү.

IMG_1549

Майрамдык салтанат Чүй облустук администрациясы тарабынан уюштурулуп, 27-майда Сокулук районунун Күн-Туу айылында өттү. Чүй обладминистрациясынын басма сөз катчысы Жылдыз Шеримбекованын айтымында, салтанатка даярданууга үч ай убакыт талап кылынган.

IMG_1584

«Илимдер академиясынын жумушчулары 2015-жылдын декабрында Чүй облусуна 20 эмес, а 90 жыл болгонун далилдеп чыккан атайын комиссия түзүшкөн. Ага байланыштуу өкмөт юбилейлик иш-чара уюштурууну тапшырган, ошондуктан биз бул майрамды өткөрүп жатабыз», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

IMG_1595

Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов он миңге жакын кишини чогултан иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулганын белгиледи.

IMG_1599

«Жаан-чачын менен шамалга карабастан бардыгы сонун болду, а театралдык оюн-зоок өзгөчө болуп, жогорку деңгээлде өттү. Чынында эле жан дүйнөнү тазалоочу нерселерди көрсөтүштү. Мындай масштабдагы иш-чараны уюштуруу абдан оор, болгондо да жогорку деңгээлде кылып, аны өзүмдүн башыман өткөндүктөн жакшы билем», — деди ал.

IMG_1617

Токмоктун социалдык фондунун директору Жаныбек Орозалиевдин пикиринде, майрам адамдардын маанайын көтөрдү. Ага коноктордун боз үйлөрдө салттуу коноктолушу мүмкүндүк берди.

IMG_1635

«Биз бүгүнкү иш-чарага карата атайын боз үйлөрүбүздү койдук. Алар үч күн мурда эле тигилген, а бүгүн тамактарды даярдап баштадык. Мына азыр меймандарды тосуп алып коноктоп жатабыз, баарынын маанайы жакшы. Меймандардын бардыгы кубанычта, ыраазычылыктарын билдирип жатышат», — деди ал.

IMG_1654

Коноктордун көңүлүн тоодо көрсөтүлгөн театралдаштырылган оюн-зоок өзгөчө бурду. Чүй драмалык театрынын директору Орозбек Айдаровдун айтымында, ага 1200 киши катышты.

IMG_1657

«Бул оюн-зоокко биз бир ай даярдандык. Бул жакка келип, тоого чыгып, таштарды алып, таштандылардан тазаладык. Анда Чүй облусунда болгон бардык жакшы жана маанилүү нерселер көрсөтүлдү», — деди ал.

IMG_1660

Бишкектин жашоочусу Алымбек Кулуев Kloop.kgге майрамдык иш-чарага ыраазы болгонун билдирди.

IMG_1677

«Бүгүн баары сонун уюштурулган, көптөгөн боз үйлөр тигилген, эмне деген гана кызыктуу нерселер болуп жатат: тигил жакта концерт болуп атат, мында комуз чертип жатышат, кимдир бирөө «Манас» айтып жатат, а тигил жакта аш даярдап жатышат», — деди ал.

IMG_1679

IMG_1694

IMG_1701

IMG_1768

IMG_1775

IMG_1790

IMG_1800

IMG_1827

IMG_1832

IMG_1855

Ивановка айылынын жашоочусу Гүлзия Байсалбекова бул иш-чара Чүй облусунун бай тарыхын көрсөтүүдө деп эсептейт.

«Чүй облусу негизделгенден бери 90 жыл өттү, мен кыргыздар акырындык менен өзүнүн каада-салттарын унутуп бара жатат го деп ойлогом, бирок алар унутпай эле экен жана бүгүн анын баарын көрсөтүштү. Бардыгы тең өзүнчө бир түрдүү, улуттук маанайда болду», — деди ал.