26-майда кыргыз парламентиндеги депутаттардын көбү жашы жете элек өспүрүмдөргө нике кыюуга тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы добуш беришти. Kloop.kgнин редакциясы депутаттардын аны эмнеге колдобогондуктарын билүү үчүн аларга суроо узатты.

26-майда кыргыз парламентарийлери «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянова тарабынан 2015-жылдын декабрында сунушталган мыйзам долбоорун четке кагышты.

Салянованын демилгеси Кылмыш жана Үй-бүлөлүк кодекстерге имамдардын жашы жете элек жарандарга нике кыюусуна тыюу сала турган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Тыюу салуудан сырткары депутат нике күбөлүгү жок жарандарга нике кыйган дин кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартууну сунуштаган.

Салянованын пикиринде, долбоор зомбулук санын азайтып, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоого мүмкүндүк бериши керек болчу, бирок эл өкүлдөрү демилге колдоого муктаж эмес деген чечимге келишти — 120 депутаттын 61и мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы добуш беришти.

Kloop.kgнин редакциясы «каршы» добуш берген депутаттар арасында телефон аркылуу сурамжылоо жүргүздү. Кабарчы 20 гана депутат менен байланыша алды жана алардын ичинен тогузу гана эмнеге каршы добуш бергендиктери боюнча суроого жооп беришти.

Каршы добуш берген депутаттар эмне деп жооп беришти?

Isxak_Masaliev

Maksat Sabirov

Aynuru_Altybaeva

Iskender Matraimov

Tazabek Ikramov

Uzarbek Jylkybaev

Mahabat Mavlyanova

Abdyvahap Nurbaev