27-майда Баткен облусунун айылдарында болгон сел көпүрөлөрдү бузуп, үйлөрдү каптап, беш кишинин өмүрүн алып кетти.

Кыргызстандын түштүгүндө жааган 27-майдагы нөшөрлүү жаан Баткен облусунда беш кишинин өмүрүн алып кеткен сел агымдарынын пайда болушуна себеп болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, табият кырсыгы Кадамжай шаарына, ошондой эле Тамаша, Кызыл-Булак жана Охна айылдарына зыян алып келген.

Мекеменин өкүлү Майя Шаимкулова Kloop.kgге курган маегинде 6-7 метр бийиктиктеги таш аралашкан баткактуу сел агымдары үйлөрдү жана автоунааларды каптагандыгын билдирди.

«Сел агымдары тоодон агып түшүп, ичинде алты киши бар унааны жолдон оодарып жиберген. Алардын бешөөсү каза болушту. Бирөөсүн куткарып калууга мүмкүн болду», — деди ал.

Күбөлөрдүн айтымдарында, сел суу түтүктөрүн жууп кетип, анын жыйынтыгында жашоочулар таза суусуз жана электр жарыгысыз калышкан.

Кадамжай шаарынын тургуну Азамат Абсатаровдун айтымында, сел эки көпүрөнү бузуп, ал унаа байланышын үзгөн.

«Мектепти аяктагандыгымдын он жылдыгын майрамдоо мага табият кырсыгы менен эсте калат. Сел Тамаша, Кызыл-Булак жана Охна айылдарында болуп, эки көпүрөнү бузуп кетти. Эми Тамаша айылына барууга мүмкүн эмес, кыймыл токтоду», — деп жазды ал «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына.

Табият кырсыгы болгон жерде куткаруу иштерин жүргүзүп жаткан ӨКМдин кызматкерлери бар. Мекеменин маалыматы боюнча, куткаруучулар менен бирге ал жерге жарандык коргонуу боюнча комиссиянын мүчөлөрү да чыгып кетишкен.

Ош жаштар комитетинин өкүлү Сүйөрбек Аманиллаев Kloop.kgнин кабарчысына учурда Ош шаарында жабыркагандарга жардам берүү үчүн Баткен облусуна барууга даярдыгын билдирген жаштарды чогултуп жаткандыктарын билдирди.

«Биз жабыркагандарга, өзгөчө физикалык жардам керек болгондорго жардам берүү үчүн кырсык болгон райондорго баралы деп жатабыз. Азыр студенттерди жана башка бардык каалоочуларды чогултуп жатабыз. Жакынкы убактарда гуманитардык жардам топтоону баштайбыз», — деди ал.

Президент Алмазбек Атамбаев каза болгон жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө тез аранын ичинде материалдык жардам берүүнү тапшырды. Ал ошондой эле кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн өзүнүн кеңешчиси Икрамжан Илмияновду Кадамжайга жөнөттү.

Сүрөт: «АКИпресс»
Видео: Данияр Мусаев аттуу колдонуучу