30-майда жарандык коом өкүлдөрү Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан четке кагылган секелектерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам долбоорунун кабыл алынышын талап кылып Бишкекте митингге чыгышты.

30-майда кризистик борборлор менен укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү жашы жете электерге нике кыюуга тыюу сала турган мыйзам долбоорун кайрадан добуш берүүгө алып чыгуу талабы менен Бишкекте митингге чыгышты.

30га жакын активист мыйзам долбоорун четке каккан депутаттардын чечимине нааразычылыгын билдирүү үчүн Курманжан Датканын эстелигинен парламент имаратына чейин басып келишти.

Митингдин катышуучулары колдоруна ак жана кара түстөгү шарларды кармашкан. Алардын пикирлеринде, ак шарлар мыйзам долбоорунун кабыл алынышын колдоп добуш берген депутаттардын, а каралары каршы добуш берген депутаттардын белгилери. Нааразычылык акциясынын соңунда активисттер кара шарларды Ак үйдүн тосмосуна байлашты.

13321241_1744545385804434_2115495452_o-200x130

«Сезим» кризистик борборунун өкүлү  Бүбүсара Рыскулова Kloop.kgге курган маегинде депутаттар коомдун кызыкчылыгын коргобогондуктарын айтты.

«Алар (депутаттар) добуш беришпей, алардын ордуларына башка бирөөлөр добуш берди деген ушактар айтылып жүрөт. Бирок мыйзамдардын көбү кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгында кабыл алынып жатат деген ой пайда болууда», — деди ал.

«Демократиялык процесстерди изилдөө борборунун» өкүлү Лариса Илибезова депутаттар секелек кыздардын көйгөйлөрүнө карабай коюшту деп эсептейт.

«Парламенттин 61 депутаты эрезеге жете элек кезинде эле күйөөгө берип салышкан кыздардын көйгөйлөрүнө карашкан жок. Баары тең эгер нике кыйылса анда ал мыйзам бузуу эмес деп эсептеп жатышат. Ошол эле маалда коомчулукта никеси жок эрте жыныстык актыларга барган кыздарды айыпташат», — деди ал.

Юрист Нурбек Токтакунов ансыз деле Кылмыш кодексинде жашы жете электер менен мамиледе болуу үчүн жазалар каралгандыктан, мыйзам долбоорун кабыл алуунун зарылдыгы жок деп эсептейт.  

Анын пикиринде, долбоордун димилгечиси, депутат Аида Салянова анын демилгесиндеги карама-каршылыктар тууралуу кам көргөн эмес.

«Салянова нике кыюуга тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун жазган, а жакшыраак экспертиза кылууга аракет жасаган эмес. А эгер экспертиза кылуу тууралуу ойлонбосо, демек анын бардык кыйынчылыктары менен карама-каршылыктары жөнүндө кабардар эмес», — деди ал.

Кризистик борборлор бирикмесинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 160 миң кыз бойго жете электе турмушка чыккан. Алардын алты миңи 15 жашка чейинки кезинде күйөөгө берилген.

Мыйзам долбоорунун четке кагылышы

26-майда кыргыз парламентарийлери «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянова тарабынан 2015-жылдын декабрында сунушталган мыйзам долбоорун четке кагышкан.

Салянованын демилгеси Кылмыш жана Үй-бүлөлүк кодекстерге имамдардын жашы жете элек жарандарга нике кыюусуна тыюу сала турган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган.

Тыюу салуудан сырткары депутат нике күбөлүгү жок жарандарга нике кыйган дин кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартууну сунуштаган.

Салянованын пикиринде, долбоор зомбулук санын азайтып, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоого мүмкүндүк бериши керек болчу, бирок эл өкүлдөрү демилге колдоого муктаж эмес деген чечимге келишти — 120 депутаттын 61и мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы добуш беришти.

Авторлор: Александра Титова, Дастан Үмөттегин
Сүрөт: Азамат Каработоев