Жыл башынан бери кыргыз парламентинин 120 депутаты жалпысынан 250дөн ашык жыйынга катышышкан эмес. Kloop.kgнин редакциясы эл өкүлдөрүнө кайрылып, алардын эмнеге жыйындарга катышпагандыктары боюнча суроо узатты.

Парламент жыйындарын көп калтырган депутаттардын тизмеси «АКИпресс» маалымат агенттигинин сайтына 24-майда жарыяланган.

Басылманын эсебине ылайык, баарынан да жыйындарга башкаруучу КСДП фракциянын депутаттары көп катышышкан эмес. 2016-жылдын башынан бери социал-демократтар 68 жолу жыйындарды калтырышкан. Карамат Орозова 12, Чыныбай Турсунбеков 10 жыйынга катышкан эмес.

«Кыргызстан» фракциясынын депутаттары тизмеде экинчи орунда, алар жыл башынан бери жалпысынан 19 жыйынга катышышкан эмес. Ушундай эле сандагы жыйындарды калтырган «Республика-Ата-Журт» фракциясы да экинчи орунда.

Андан соң 2016-жылы 14 пленардык жыйынды калтырган «Ата-Мекен» жана 6 жыйынга катышпаган «Өнүгүү-Прогресс» фракцияларынын депутаттары жазылышкан.

Парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу Kloop.kgге депутаттар жыйындарга «жөндүү себептер» менен катышпай кала тургандыктарын билдирди. Анын айтымында, ал себептердин ичине «үй-бүлөлүк шарттар», «иш сапарлар» жана «ооруп калган учурлар» кирет.

«Депутаттардын көбүнүн жөндүү себептери бар, алар дайыма алдын ала эскертип коюшат. Алар эки жакка чыгышат, түрдүү иш сапарларга барышат»,— деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Бирок жыйындарга катышпай калган депутаттардын жалпы тизмесинде алардын жумушка келбей калуусуна уруксат бере турган үч себеп көрсөтүлгөн: «О» — ооруп калуусу, «И» — иш сапарлар жана «Ж» — жөндүү себеп.

Нуракун уулу «ооруп калуу» менен «иш сапарлар» өзүнчө себеп катары көрсөтүлгөндө эмнелердин жөндүү себеп болуп эсептелиши мүмкүндүгү тууралуу суроого жооп бере алган жок.

Kloop.kgнин редакциясы сегиз депутат жана алардын жардамчылары менен байланышып, эл өкүлдөрүнүн эмне себептен жыйындарга катышпай калгандыктары боюнча суроо узатты .

Депутаттар эмне деп жооп беришти?

karamat_orozova

Карамат Орозова

  • КСДП

Жыйындарга 12 жолу катышпай калган КСДП фракциясынын депутаты Карамат Орозова ага оор операция жасалгандыктан улам пленардык жыйындарга катыша албай калганын айтты.

«Мен [пленардык жыйындарга] ден соолугума байланыштуу катыша алган жокмун. Мага эки жолу операция жасалды»,— деди ал.

Alfiya Samigullina_SDPK

Альфия Самигуллина

  • КСДП

Социал-демократ Альфия Самигуллина сегиз жолу пленардык жыйындарга катышкан эмес. Айтымында, ал күндөрү депутат «түрдүү семинарлар менен конференцияларга барган».

«Депутаттарды түрдүү конференциялар менен семинарларга чакырышат. Биз дайыма ишеним кат жазып, төрагага эскертип коебуз»,— деди ал.

Mirlan Bakirov_Onuguu Progress

Мирлан Бакиров

  • «Өнүгүү-Прогресс»

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Мирлан Бакиров жыйындарга иш сапарларына байланыштуу катыша албай калган. Жалпысынан ал парламент жыйындарын алты жолу калтырган жана ал өзү «депутаттардын жумуш ордуларында жөндүү себептерсиз жок болушуна каршы».

«Бардык алты учур тең иш сапарларга байланыштуу болгон. Биринчи жыйынга катышпай калганымда мен Түштүк Кореяда болгом, анда малдарды идентификациялоо боюнча Сеуалда корей компаниясы менен сүйлөшүүлөр болгон. Экинчи жолкусунда Вашингтондо болчумун, ал дагы кызматтык иш сапар, анда мен эле эмес, а башка фракциялардын өкүлдөрү да болушкан»,— деди ал.

Jyrgalbek_Kalmamatov

Жыргалбек Калмаматов

  • «Кыргызстан»

«Кыргызстан» фракциясынан депутат Жыргалбек Калмаматовдун жардамчысы Алия Ширинбаева Kloop.kgге курган маегинде анын жетекчиси ооруп калгандыгын айтты. Эл өкүлү 2016-жылы жети жолу пленардык жыйынга катышкан эмес.

«Жыргалбек Калмаматов расмий түрдө сыркоолук баракчасын алган, анын кыр арка сөөктөрүндө көйгөйлөрү бар»,— деп түшүндүрдү Ширинбаева.

Dastan Dzhumabekov_Respublika Ata-zhurt

Дастан Жумабеков

  • «Кыргызстан»

Парламентарий Дастан Жумабековдун жардамчысы депутат «иштер менен жүргөнүн» айтты.

«Ал эки күн катары менен Берлинде, андан кийин Азербайжанда болгон, ошондой эле эки күн сыркоолук кагазын алып келе алган эмес», — деди анын жардамчысы Аскарбек Сабырбеков.

Azamat Arapbaev_SPDK

Азамат Арапбаев

  • КСДП

Пленардык жыйындарга сегиз жолу катышпаган социал-демократ Азамат Арапбаев убактысы аз экенин айтып, бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Ainuru Altybaeva_SDPK

Айнуру Алтыбаева

  • КСДП

Анын кесиптеши Айнуру Алтыбаева «АКИpress» маалымат агенттигинин материалын «сандырактык» деп атады.

«Журналисттер жазган сандырактык боюнча түшүндүрмө берүүнү мен туура эмес болот деп эсептейм»,— деп билдирди Алтыбаева.

Aisuluu Mamashova_AtaMeken

Айсулуу Мамашова

  • «Ата-Мекен»

«Ата-Мекен» фракциясынан депутат Айсулуу Мамашованын жардамчысы Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде эл өкүлү иш сапарлардан улам жумушка келе албагандыгын айтты. Бирок ал Мамашованын кайсыл өлкөлөргө баргандыгын айтып бере алган жок.