31-майга караган түнү белгисиз он адам Өзбекстан тараптан келип чек арадан өтүүгө аракет кылганда кыргыз чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок чыгарышты.

31-майга караган түнү Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Пионерлагерь» деген жерде кыргыз-өзбек чек арасынан белгисиз адамдар өтүүгө аракет кылганда Кыргызстандын чек арачылары эскертүү иретинде ок чыгарышты.

Чек ара кызматынын өкүлү Үсөн Толотов Kloop.kgге курган маегинде он адам Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирүүгө аракет кылышкандыгын айтты.

«Түндө белгисиз адамдар чек арадан өтүүгө аракет кылышты. Чек ара нөөмөтүнүн «Токто» деп кыйкырганына карабастан баш ийишкен жок, анан чек арачылар эскертүү катары асманга ок чыгарышты. Андан соң алар Өзбекстандын аймагына качып кетишти», — деди ал.

Толотов мыйзамдарды билбегендиктен жана мамлекеттердин аймактарынын ортосунда так бөлүнгөн жерлер жок болгондуктан чек ара режимдерин бузуу тез-тез болуп турарын кошумчалады.

«Көбүнчө Өзбекстандын жарандары биздин өлкөнүн аймагына кирип кеткен малдарын издеп чек арадан өтүшөт. Бул чек аранын айрым жерлеринин тосмо менен тосулбагандыгынан улам болуп турат. Бирок жыл башынан бери мынчалык сандагы адамдардын катышуусундагы чек ара бузуу аракеттери катталган эмес, бул биринчиси», — деди ал.

Азырынча чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандардын тек-жайлары белгисиз. Кыргызстандын чек ара кызматы жолугушуу өткөрүп, окуянын бардык шарт-жагдайларын аныктоо үчүн өзбекстандык кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Кыргызстан менен Өзбекстан чек араларын тактоо боюнча түрдүү карталар менен документтерди сунуштап жаткандыктан улам эки өлкө ортосундагы чек аранын көпчүлүк бөлүгү СССР таркагандан бери делимитацияланган эмес.

Такталбаган чек аралар жана талаштуу аймактардын бар экендигинен улам кээ бирде жергиликтүү тургундар жана чек арачылар ортосунда кагылышуулар болуп турат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы акыркы жаңжал 2016-жылдын мартында болгон — анда өзбек чек арачылары чек аранын талаш аймагына аскерлерин жана аскер унааларын жайгаштырышкан. Ага жооп кылып кыргыз тарап да аймакка өз техникасы менен аскерлерин жайгаштырган.

Бир нече күндөн кийин тараптар андагы аскерлердин санын азайтуу жана блокпостторду алуу боюнча макулдашууга келишкен.