Бишкектик дизайнер Никита Тарасенко Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучуларын промо-роликти даярдоодо бааны жогорулатып жиберишкен деп айыптады. Уюштуруучулардын өзүлөрү ал видеонун расмий эмес экенин билдирип жатышат.

Дизайнер Никита Тарасенко «Фэйсбуктагы» баракчасына Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (ДКО) үчүн даярдалган промо-роликтин сапатсыз жана автордук укуктарды бузуу менен тартылганын жазды. Анын айтымында, ал видеону даярдоого 600 миң сом жумшалган.

«Мен роликтерди жасай албасам да мындайды жарым күндүн ичинде эле жабыштырып жасап коем. Ал көп болсо 150 АКШ доллары турат. Шаблондорду пайдаланууда уяттуу деле эч нерсе жок. Бирок бюджети жарым миллион сомдон ашык болгон Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ролиги үчүн эмес!» — деп жазды Тарасенко.

ДКОнун уюштуруучулары видеону даярдоодогу баалардын жогорулатылгандыгы жөнүндөгү дизайнердин айткандарын четке кагып, промо-роликтин расмий эмес экенин билдиришти — ал уюштуруучулар тарабынан ички пайдалануу үчүн жасалган.

«Алардын 600 миң сом деген сандын каяктан алгандыктарын мен билбейм, ал бизди өтө таң калтырды, анткени ролик катчылыктын кызматкери тарабынан бекер эле, бир күндүн ичинде жасалган. Тартылган роликтердин монтажынын чыныгы баасы да андан бир топ төмөн. Материалды жарыялоонун алдында чыныгы баасын билип алса жакшы болмок экен», — деп билдирди оюндардын катчылыгынын жетекчиси Нурдин Султамбаев «Азаттык» радиосуна курган маегинде.

Уюштуруучулардын айтымдарында, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ролиги жакынкы убактарда даяр болот.

«Андан сырткары роликти даярдоодо кайсыл бир кадрлар интернеттен алынган, алар ачык жеткиликтүү болуп турган, а калгандары өзүбүздүн кадрлар болгон. Ал оюндардын регламентин талкуулоо жана бекитүү үчүн бизге келген Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин жумушчу тобуна көрсөтүлө турган роликтердин бири», — деди Султамбаев.

Роликтерди тартууга жарыяланган тендер

600 миң сом — бул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата анонстук видеолорду даярдоого каралган мамлекеттик тапшырык баасы. Тендер 22-апрелде жарыяланып, 29-апрелге чейин созулган.

Тендер документтерине ылайык, тапшырык аткаруучу 600 миң сомго 20 секунддан 45 секундга чейин созулчу 35 промо-ролик даярдашы керек. Аны менен катар алардын 25и — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн, а калган 10у — «республикалык масштабдагы башка спорттук иш-чара үчүн».

Тендерде 2014-жылдын июлунда негизделген «Мобитек» компаниясы утуп чыккан — ал видеолор сериясын 575 миң сомго даярдап берүүнү сунуштаган. Компанияга Руслан Алишев жана Михаил Казаков деген эки жаш ишкер ээлик кылат.

Келишим боюнча, компания аптасына бирден бешке чейинки сандагы кыргыз жана орус тилдериндеги видеотасмаларды даярдашы керек.

«Автордук укуктарын тапшырык ээсине берүү менен жеке архивдеги видео жана сүрөт материалдарды пайдаланууга уруксат берилет. Жалпысынан лот боюнча 20 секунддан 45 секундга чейин созулчу 25 кыска метраждуу анонстук роликтер даярдалат», — деп жазылган ДКО үчүн промо-ролик даярдоонун техникалык тапшырмаларында.

27-майда Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекция «Мобитек» компаниясына келишимде көрсөтүлгөн сумманын бир бөлүгүн — 99 миң сом бөлүп берген.

Документацияга ылайык, компания «фотореалистүү графика, анимацияланган видео-эффектилерди, профессионалдуу видео жана сүрөт тартуу» тажрыйбасына ээ болуп, видеого инфографика кошуу жана түстөрдү жөндөөнү билиши керек.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — спорттун этникалык түрлөрү боюнча эл аралык мелдештер, алардын арасында алыш күрөшү, көк-бөрү жана тогуз-коргоол оюндары бар. Оюндар 2016-жылдын 3-сентябрынан 8-сентябрына чейин Чолпон-Ата шаарына жакын жерде өтөт.