Кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко менен анын машыктыруучусу Павел Федотов Перуда кафе тоноого күбө болушту. Федотов тоноочуларга карата ок чыгарып, атышуунун жыйынтыгында жарадар болгон.

Кыргызстандык спортчу Валентина Шевченконун машыктыруучусу Павел Федотов 30-майда, Перудагы атышуу маалында жарадар болду.

MMA Fighting спорттук басылмасы Шевченко менен анын машыктыруучусу Перудагы кафелердин биринде тамактанып жаткан маалда ал жерге куралдуу үч адам кирип барганын жазууда.

«Алар кафенин жумушчуларынан акчаларды алып, андан соң кардарларынын уюлдук телефондору менен капчыктарын талап кылып башташкан», — деп жазды басылма.

Жергиликтүү El Comercio агенттиги Федотов менен кафенин дагы бир кардары куралдарын алып чыгышып, тоноочуларга карата ок чыгаргандыктарын билдирди.

Алардын ортосундагы атышуунун жыйынтыгында тоноочулардын бири каза болуп, экөөсү из жашырып кетүүгө үлгүрүшкөн. А Федотов ич көңдөйүнөн жаракат алган. Аны менен бирге дагы эки кардар да жараат алышкан.

Тай бокс федерациясынын башчысы Елена Шевченко Kloop.kgге курган маегинде Федотов эч кимди жардар кылбагандыгын айтты.

«Азырынча биз Валентина жана Павел менен байланыша албай жатабыз — азырынча алар телефон чалууларга дагы, социалдык түйүндөрдөгү каттарга да жооп бербей жатышат, аларды качып кеткен тоноочулар колго түшкөнгө чейин коомчулуктан жашырып турушат. Федотов ок чыгарганы менен эч кимди жарадар кылган эмес. Тоноочуну окуя болуп жаткан жерге жетип барган полиция кызматкерлеринин бири аткан»,— деди ал.

Анын айтымында, Перу полициясы учурда тергөө иштерин жүргүзүп жатат, а жаракат алгандар ооруканага жеткирилишкен.

Валентина Шевченко —  муай-тай боюнча дүйнөнүн 11 жолку чемпиону, кикбоксинг боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону жана ММА боюнча эки жолку чемпион.

Шевченконун машыктыруучусу Павел Федотов спортчуну беш жашынан бери үйрөтүп келет. Шевченко 2008-жылы Перуга көчүп кеткенден кийин да Федотов аны машыктыруусун улантып келет.