Жыл сайын Кыргызстанда жүздөгөн митингдер болот — жарандар өз нааразычылыктарын чогулуштар жана бийликке кайрылуу аркылуу билдиришет. Адатта алар колдоруна түрдүү жазууларды кармашып, ураандарды кыйкырып чыгышат, бирок кээ бирде оригиналдуураак уюштурулгандары да кездешет. Kloop.kgнин редакциясы өлкөдөгү өзгөчөлөнгөн он нааразычылык акциясын эстеп көрүүнү чечти.

Нике жөнүндөгү мыйзам долбоорунун кабыл алынышы үчүн шарлар

Жарандык активисттер 2016-жылдын 30-майында буга чейин депутттар тарабынан четке кагылган секелектерге нике кыйууга тыюу сала турган мыйзам долбоорун кабыл алуу талабы менен Курманжан Датканын эстелигинин алдына митингге чыгышкан.

Митингдин катышуучулары колдоруна ак жана кара түстөгү шарларды кармашкан. Алардын пикирлеринде, ак шарлар мыйзам долбоорунун кабыл алынышын колдоп добуш берген депутаттардын, а каралары каршы добуш берген депутаттардын белгилери.

13313553_1744545382471101_93494426_o

Нааразычылык акциясынын соңунда активисттер  ак шарларды асманга учурушуп, караларын Ак үйдүн тосмосуна байлашкан.

«Элдик дүкөн үчүн элдик баалар эмес»

Активист Өндүрүш Токтонасыров 2016-жылдын 30-майында «Народный» дүкөндөрүнүн биринин алдына жалгыз митингге чыгып, андагы баалардын арзандатылышын жана тейлөөнүн сапаттарынын жогорулатылышын талап кылган.

Токтонасыров дүкөндөр «сатуудагы көз боемочулуктарды токтотсун» деп кулагына кесме илип алып, дүкөндүн кире беришинде турган.

«Коррупциянын чынжырын үз»

Сүрөт: Zanoza.kg
Сүрөт: Zanoza.kg

2015-жылдын 9-декабрында, Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнүндө Юридикалык академиянын студенттери Бишкектин эски аянтында бийлешкен. Келечектеги юристтер массалык бийдин жана «Ак-терек — Көк-Терек» улуттук оюнунун жардамы менен коррупция көйгөйүнө көңүл бурдуртууну чечишкен.

Беларус президентине каршы нааразычылык акциясы

Активист Өндүрүш Токтонасыров 2015-жылдын 31-мартында Беларус президенти Александр Лукашенконун сүрөтүн өрттөгөн.

12546089_967998916612148_579044588_o

Токтонасыров Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдына туруп, алты жылдан бери Минскте жашап жаткан бийликтен куулган президент Курманбек Бакиевдин өткөрүлүп берилишин талап кылган. Кийинчерээк активис элчилик имаратына христиандардын мүрзөсүнө коюлчу чырым» алып келип, аны  «Лукашенконун кара күнүнө» деп алып келгенин билдирген.

«Өкүрүк» коштолгон акция

Кыргызстандын чыгармачыл ишмерлери 2014-жылдын 24-апрелинде өкмөт үйүнүн алдында «өкүрүк» коштолгон «Кайран заман» акциясын өткөрүшкөн.

Акция кыргыз салты боюнча каза болгон адамдын жакындары аны жоктоп, өкүрүп ыйлаган учурду элестеткен.

Активисттер мындай жол менен мамлекеттин маданият тармагындагы саясатына карата нааразычылыктарын билдирүүнү каалашкан.

«Аккредитацияга аза күтүү»

Кыргыз журналисттери 2015-жылдын 18-ноябрында Ак үйдүн тосмосуна кара тасмаларды байлып, шамдарды күйгүзүп коюшкан.

JK-traur

Алар 24.kg маалымат агенттиги менен «Республика» гезитинин кабарчыларынын парламенттик аккредитациядан ажыратылгандыгына нааразычылыктарын билдирип чыгышкан. Өз акциясын журналисттер «парламентке аза күтүү» деп аташкан.

Атамбаев үчүн «Шералы хандын өтүгү»

Оппозициялык активисттер 2014-жылдын 2-июнунда «оппозицияга карата басым жасоого каршы» митинг өткөрүшкөн. Алар бийлик тараптан болуп жаткан куугунтуктоолорго карата нааразычылыктарын билдирип, президент Алмазбек Атамбаевге жыртылган өтүк берүүнү чечишкен.

Активисттер мындай жол менен президентке кимдин жардамы менен бийликке келгенин эстетип коюуну каалашкан.

«Ала качууга» каршы кара баштыктар

Аялдардын укуктарын коргоо менен алектенген уюмдар 2012-жылдын 18-октябрында митинг өткөрүшкөн. Алар түбөлүк жолдош тандоодо кыргыз аялдарынын эркин эмес экендигинин белгиси катары өкмөт үйүнүн алдына кара баштыктар менен чыгышкан.

18 жаштагы Айтилек ала качып келген баланын үйүндө — ал кызды Бишкектен таанышкан күндүн эртеси алып качкан. Сүрөт: Noriko Hayashi/Panos / LUZ
18 жаштагы Айтилек ала качып келген баланын үйүндө — ал кызды Бишкектен таанышкан күндүн эртеси алып качкан. Сүрөт: Noriko Hayashi/Panos / LUZ

Мындай жол менен алар ала качуу үчүн каралган Кылмыш кодексиндеги жаза чараларын катаалдатууну талап кылышкан.

«Биороботтордон» троллинг

«Кыш болбойт» жана «Путин — биоробот» деген билдирүүлөрү менен белгилүү президентикке экс-талапкер Арстанбек Абдылдаевдин тарапташтары 2012-жылдын февралында Владимир Путинди колдоп митинг өткөрүшкөн. Митингге кошулган «троль-биороботтор» Орусия премьеринин отставкага кетишин өтүнүшкөн.

ЕККУ борборуна ыргытылган кык

Кыргызстанга полициялык консультативдик топтун киргизилишине каршы болгон «Движения 34түн» активисттери 2010-жылдын 5-октябрында ЕККУнун Бишкектеги борборуна кык ыргытышкан.

Акциянын катышуучулары Жалил Жапиев менен Айбек Курбаналиев «өз уставы менен башка бирөөнүн ишине кийлигишпөөнү» жана «менталитетке жат болгон чечимдерди таңуулабоону» талап кылышкан.