Walk Free Foundation уюму ар жыл сайын чыгарылчу дүйнөдөгү кулчулук тууралуу отчетун жарыялады. Баяндамадагы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 27 миңден ашык «заманбап» кул бар.

Walk Free Foundation (WFF) отчетун 31-майда жарыялады — анда австралиялык уюм 167 өлкөдөгү заманбап кулчулуктун абалын изилдеп чыккан.

WFFтин маалыматтарына ылайык, калкынын саны 5,9 млн. кишини түзгөн Кыргызстанда болжол менен 27 миң 700 заманбап кул бар. Бул өлкөдө жашаган адамдардын жалпы санынын 0,467 пайызын түзөт. WFF заманбап кулчулук дегенде бир киши экинчисинин эркиндигин тартып алган учур деп билет.

«Жеке денесин көзмөлдөөгө, тандоого же кайсыл бир жумуштан баш тартууга болгон эркиндиктер. Мындай жол менен адамдарды эксплуатациялоого болот. Коркутуулар, зомбулуктар жана алдоолор менен мажбурлап тартылып алынган эркиндик», — деп жазылган отчетто заманбап кулчулук тууралуу.

Отчетто келтирилген сандар боюнча, Кыргызстан 167 өлкөнүн ичинен 99-орунда. Биринчи орунга Индия жазылган, уюм ал өлкөдө 18 млн. ашык кул бар деп эсептеген, бул өлкөнүн жалпы калкынын 1,4 пайызын түзөт.

Ошондой эле кулдар көп делген алдыңкы он өлкөнүн ичине Өзбекстан, Орусия, Түндүк Корея жана Кытай өлкөлөрү киришкен.

WFF маалыматына ылайык, Өзбекстанда калк жыл сайын талааларда пахта чогултууга мажбур, а Түндүк Кореяда абак лагерлериндеги адамдардын эмгеги мажбурлап пайдаланылат.

Уюм Кыргызстан бийлигинин заманбап кулчулукка каршы күрөшүү аракеттерин мүмкүн болгон 100 упайдын 33,5 упайына татыктуу деп баалап, ССС категориясына киргизген. Бул мамлекет кулчулук көрүнүштөрүнө карата чектелген реакцияга ээ дегенди билдирет.

«[Бул категорияга кирген өлкөлөрдө] аракеттердин улуттук планы же координациялап турчу мамлекеттик орган болушу мүмкүн. Ошондой эле курмандыктарды криминалдаштырып же депортация кыла турган же кулчулуктун пайда болушуна көмөктөшө турган айрым мамлекеттик саясаттардын же практикалардын да бар болушу мүмкүн», — деп жазылган отчетто.

WFFтин маалыматы боюнча, кулчулук тууралуу баяндаманын негизин эл аралык бейөкмөт уюмдардын статистикалары менен отчеттору, ошондой эле жабырлануучулардын жеке окуялары түзөт. Андан сырткары ал өз ичине саясий укуктарга, коопсуздукка, ошондой эле каржы жана медициналык коргоого байланышкан индикаторлорду камтыйт.

Бирок уюм «кылмыштардын жашыруун мүнөздөрү» жана «курмандыктарды аныктоо деңгээлинин төмөндүгүнөн» улам кулчулуктун курмандыгы болгон адамдардын так санын аныктоо мүмкүн эмес экенин белгилеген.

ЕККУнун өкүлү Алина Ташыбаеванын айтымында, адамдар кулчулукка туш болгондуктарын дайыма эле түшүнө беришпейт.

«Сексуалдык кулчулук учурун карап көрөлү. Кыз өз каалоосу менен сексуалдык кызмат көрсөтүү тармагында иштөө үчүн Түркияга барды дейли. Эгер кызды карызга иштөөгө зордошсо, бул кулчулук. Эгер ага карата психологиялык же моралдык таасир этишсе – ал дагы кулчулук. Эгер акчаны ага эмес, а сутенерге төлөп, кыз акчанын бөлүштүрүлүшүнө макул болбосо, анда бул да адам сатуунун курмандыктарына кирет. А көпчүлүгү мунун баарын түшүнүшпөйт дагы», — деген ал «Фергана» басылмасына курган маегинде.

АКШнын Мамдепартаментинин адамдарды сатуу жөнүндөгү баяндамасына ылайык, кыргызстандыктар көбүнчө эмгек жана сексуалдык эксплуатациялоонун курмандыктары болушат.

Миграция боюнча эл аралык уюмдун иликтөөсү боюнча, жыл сайын Кыргызстандын беш миң жараны адам сатуунун курмандыгы болушат, 60 миңден ашыгы коркунучка учурашат.