Парламенттин жаңы сайтын иштеп чыгуу үчүн жарыяланган тендерде утуп чыккан компания сынак жарыялангандан эки апта мурда каттоодон өткөн. Компаниянын өкүлү бул фактыны ырастап, бирок анын программисттери бир нече жылдан бери иштеп келе жаткандыктарын кошумчалады.

Парламенттин сайтын иштеп чыгууга жарыяланган тендерде сынак тууралуу жарыя жайгаштырылганга 15 күн калганда каттоодон өткөн «АИО Групп» компаниясы утуп чыккан. Бул тууралуу Kloop.kgге мамлекеттик сатып алуулардын сайтындагы маалыматтардан белгилүү болду.

«АИО Групп» 2016-жылдын 18-февралында катталган, а тендердин өзү 5-марттан 9-мартка чейинки аралыкта (төрт күндүн ичинде, алардын үч күнү дем алыш күндөрүн туура келген) өткөн. Анда парламенттин басма сөз кызматы мындай кыска мөөнөттү тендерди өткөрүүнүн шашылыштыгы менен түшүндүргөн.

Сайтты жаңылоо боюнча иштердин алгачкы баасы 300 миң сомду түзгөн, бирок «АИО Групп» сайтты 233 миң сомго түзүп берүүнү сунуштаган.

Жогорку Кеңештин аппаратынын басма сөз кызматынын өкүлү Шайлообек Козубаев Kloop.kgге сынакка жети компания катышып, тендер комиссиясы «АИО Группту» тандап алганын билдирди. Анын айтымында, жаңы сайт 10-июнда иштеп баштайт.

«АИО Групптун» 23 жашар директору Айкут Конушбаев парламенттин жаңыланган сайты июндун ортосунда иштеп баштай турганын айтты. Ал компаниянын тендерге эки апта калганда негизделгенин танбайт. Конушбаевдин айтымында, тендер комиссиясы фирманын расмий түрдө эки апта иштегенине карата дооматтарын айтышкан.

«Менин тааныш юристтерим бар болчу, алардан компанияны каттоодон өткөрүүгө жардам берип коюуларын өтүндүм. Бизде бир киши дайыма тендерлерге көз салып турат. Анан ал: «Келгиле билдирме жөнөтүп көрөбүз», деп калды. Биздин досторубуз да тендерлерге катышып жүрүшөт, бирок азык-түлүктөрдү жеткирүү боюнча. Алар: «Каттоодон өтөөрүңөр менен бардык маалымкаттарды жасайсыңар», деп айтышты. Биз компанияны каттатаар замат салык кызматына, социалдык фондго эсепке алындык», — деди Конушбаев.

«Имидждик долбоор»

«АИО Групптун» директору тендер комиссиясы анын компаниясын төмөн баа сунуштагандыктан улам тандап алды деп эсептейт.

«Биз үчүн бул жөн гана имидждик долбоор. Тендер комиссиясы да күмөн санап: «Силер жаңы гана каттоодон өтүптүрсүңөр да», деп айтышты  Бирок биз чоң тажрыйбага ээ экенибизди, түрк жана англис тилдерин биле тургандыгыбызды айттык. Андан сырткары аларда Англия менен Түркиянын парламенттеринин сайттарынан үлгү алышыбыз керектиги боюнча талаптар да болгон», — деди программист.

Юридикалык жактардын реестриндеги маалыматтарга ылайык, компаниянын төрт түзүүчүсү бар — Аким Болушбек уулу, Айкут Конушбаев, Бектур Өмүров жана Шергазы Кокумбаев. Конушбаевдин айтымында, «АИО Групп» командасы — бул 2013-жылдан берки иш тажрыйбага ээ алты киши.

«Долбоордун үстүнөн алтообуз иштедик — эки аналитик, бир дизайнер-калыптоочу жана иштеп чыгуучулар. Мурда биз башка компанияларда иштегенбиз — Strokit (Strokit developers — редакциянын түшүндүрмөсү), Weltkind. Баарыбыз тең ар кайсыл компанияларда болчубуз. 2013-жылдан бери иштейбиз, 2015-жылдан тарта тапшырыктарды алуу чечимине келип, каттоодон өттүк», — деди ал.

Конушбаев парламенттин жаңы сайты эскисинен «бардык жагынан» айырмалана турганын айтты.

«Дизайн жагынан да, бэк-энд жагынан да айырмаланат. Биз бэк-эндди [маалыматтар базасы жана серверлер менен болгон байланыш үчүн жооп берген программалык код] кайрадан долбоорлодук. Ал 14-июндан тарта иштеп башташы керек. Төраганын алмашканына байланыштуу дизайнды бекитүү бир аз кечеңдеди, бирок биз баары бир 14-июнда ишке киргизүүгө аракет кылабыз», — деди ал.

Программист ал үчүн алгачкы мамлекеттик тапшырыктын үстүнөн иштөө оор болгонун кошумчалады — ал компаниянын мындан ары да мамлекеттик тендерлерге катшаар-катышпасын билбейт.

«Мамлекеттик тендерлерде тапшырык берүүчүлөр жалгыз эмес, а бир канча кишиден турат. Бекитүү боюнча алардын чечимин күтөсүң, а алардын ар биринин өз пикири бар. Техникалык тапшырма жетишсиз, биз кийин алар менен дагы көп жолу талкуулап, кошумчаларды киргиздик», — деди ал.

Парламенттин сайтын иштеп чыгуу боюнча техникалык тапшырманы шилтеме аркылуу көрүүгө болот

Иш тажрыйбасы боюнча суроолор

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун юристи Ильяна Жедигерова тендердин жеңүүчүсү мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамдын «Квалификациялык талаптар» беренесин (27-берене) бузуу менен тандалып алынган деп эсептейт — компания иш тажрыйбага жана аткарылган жумуштардын көлөмүнө ээ болушу керек болчу.

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамда тендердин катышуучуларына карата квалификациялык талаптар так жазылган. Анда иш тажрыйбасы тууралуу ачык айтылат. Компания буга чейин керектүү болгон товарларды же кызматтарды жеткирген же көрсөткөн болушу керек. Мен ал компания өзүнүн эки жумалык ишинде кандайдыр бир тажрыйбага ээ болгондугунан күмөнүм бар. Мында мыйзам бузуу болгон деп эсептейм», — деди ал Kloop.kgге.

Программист Михаил Агеев Kloop.kgге курган маегинде үч айдын ичинде сайт жасап чыгуу «реалдуу» экенин, бирок көп нерсе компаниянын качан түзүлгөнүнө эмес, а иштеп жаткандардын веб-иштеп чыгуу тармагындагы иш тажрыйбасына жараша болорун билдирди.

«Мен билгенден анда техникалык жактан анчалык деле оор сайт эмес болчу. Балким компания эки жума мурда гана каттоодон өткөндүр, бирок анын негиздөөчүлөрү веб-иштеп чыгуу жаатында чоң тажрыйбага ээ болушу мүмкүн. Жөн гана ал адамдардын портфолиосун жана сынактын кандай өткөрүлгөнүн карап көрүү маанилүү», — деди ал.

Weltkind веб студиясынын ээси Анатолий Лелевкин кызматкерлердин бири анын компаниясында иштеп кеткенин ырастады. Бирок айтымында, ал анда көпкө кармалган эмес.

«Аким бизде эки ай иштеген, сыноо мөөнөтүнөн өтө алган эмес. Айкут маектешүүгө келген, бирок биз анын талапкерлигин четке кагуу чечимин кабыл алганбыз», — деди ал.

Парламенттин тендерлерин өткөрүүгө жооптуу кызматкер Бакбур Исаев бул боюнча түшүндүрмө алууга жеткиликсиз болуп чыкты.

Парламент сайтын жаңылоо үчүн жарыяланган тендер

Парламенттин жаңы сайтын иштеп чыгууга жарыяланган 300 миң сомдук сынак тууралуу жарыя башынан эле мыйзам бузуу менен — анын жыйынтыгынын жарыяланаарына бир гана жумушчу күн калганда жайгаштырылган.

Мамлекеттик сатып алуулардын сайтында «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтын иштеп чыгуу жана модернизациялоо» жарыясы ишемби күнү, 5-мартта саат 09:54тө — тендердин жыйынтыгы жарыяланышы керек болгон 8-мартка бир жумушчу күн калганда пайда болгон.  

Компанияларда 8-мартка чейин билдирме жөнөтүү үчүн эки жумушчу күнү болгон, деп билдирген анда Жогорку Кеңештин материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Бакбур Исаев.

«Кечиресиңер, бирок 6чы, 7чи жана 8-марттагы эс алуу күндөрү жумасына беш эле күн иштегендер үчүн гана. Тапшырык аткара тургандар — бул баары тең ЖЧК компаниялар», — деп билдирген анда ал. Исаевдин логикасы боюнча, тендерге 5чи жана 7-март күндөрү жумушка чыккан, жумасына алты күндөн иштеген уюмдар катыша алышкан.