1-июнда Бишкекте майрамдалган Эл аралык балдарды коргоо күнүндө цирк оюндары, спектаклдер, концерттер жана сынактар болду.  Kloop.kgнин кабарчысы шаардын борбордук бөлүктөрүндө өткөрүлгөн иш-чараларда болуп келди.

Бишкек мэриясы Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата борбордун жаш тургундары үчүн оюн-зоок программаларды уюштуруп, анда 25 миңден ашык бала майрамдады.

IMG_6024

IMG_5943

IMG_5929

IMG_5898

Эски аянтта балдарга түрдүү оюн-зооктор көрсөтүлгөн «Балдар майрамы» болду. Бирок балдар андан башка көптөгөн жерлерде да көңүл ачып, ойной алышты — шаардын көчөлөрүндө адамдар көп болуп, сынактар, мастер-класстар жана спорттук мелдештер өттү.

IMG_6024

IMG_5806

IMG_5688

IMG_5646

IMG_5610

Ошондой эле балдар үчүн кыргыз эстрадасынын жылдыздары, клоундор жана драмалык театрдын актерлору өнөрлөрүн көрсөтүштү. «Россия» кинотеатры бул күндү мультфильмерди көрсөтүүгө арнады, а Улуттук көркөм сүрөт музейи кичинекей балдардын сүрөттөрүнүн сынагын өткөрүп, оюнчуктарды жабыштырып жасоо жана токууга үйрөткөн сабактарды уюштурду.

IMG_6045

IMG_5736

IMG_5640

IMG_5632

IMG_5630

IMG_5628

IMG_5606

Андан сырткары балдарга балмуздактарды беришип, аба шарлары жана китептер белекке берилди. Бирок айрым балдар өз майрамында шарларды, балмуздак жана оюнчуктарды сатып иштешти.

IMG_5824

«Мен 9 жаштамын, апама жардам берем. Ал башка жакта сатат. Уюштуруучулар мага оюнчуктарды сунушташты, бирок мен аларды алган жокмун. Бул менин майрамым, бирок белектерди каалабайм, үйүмдө көп», — деди Мунайым.

Автор: Бактыгуль Ракымбаева