Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду соттун чечиминин негизинде өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун үйүн конфискациялап баштады. Аскаровдун коргоочулары соттун ал чечими боюнча жогорку баскычка даттанышат.

30-майда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун үйү мамлекеттин менчигине өтө турганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынан Kloop.kgге конфискацияны 25-майда баштагандыктарын билдиришти — фонддун өкүлүнүн айтымында, мамлекеттин менчигине өткөрүү процесси Базар-Коргон райондук сотунун 2012-жылдагы чечиминин негизинде ишке ашырылууда.

«Бизге Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунан соттун 2012-жылдын 23-майындагы чечиминин негизинде Азимжан Аскаровдун мүлкү мамлекеттин карамагына өтүшү керектиги жазылган билдирүү келди. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан атайын топ түзүлүп, мамлекеттин менчигине өтүшү керек болгон мүлктөрдү эсепке алуу үчүн Жалал-Абад облусуна жөнөп кеткен», — деп билдиришти мекемеден.

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова Kloop.kgге курган маегинде Азимжан Аскаровдун жактоочулары соттун чечими боюнча даттана тургандыктарын билдирди. Исмаилованын айтымында, бул «Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун Аскаровдун мүлкүн тартып алуу аракети», анткени анын мүлкү конфискация кылууга жатпайт.

«КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун аракети — Конституцияга, аткаруу мыйзамдарына жана жазык мыйзамдарына каршы келет. Ошондуктан биз муну атайын чабуул жасоо ниети деп эсептейбиз. Үйдү конфискациялоо тууралуу соттун чечими болгон күндө да эгер ал соттолгон адамдын жалгыз турак-жайы болсо жана ал ага гана эмес, а анын туугандарына да тиешелүү болсо, анда ал конфискациялоого жатпайт», — деди ал.

Исмаилова соттолгон укук коргоочунун жактоочусу Валерьян Вахитов «адилетсиздик менен мыйзамдын бузулушуна жол берөө үчүн» учурда Жалал-Абадда жүргөнүн жана райондор аралык сотко доо арыз менен кайрыла турганын кошумчалады.

Соттолгон укук коргоочу

Аскаров 2010-жылдын 15-июнунда, Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык кагылышуулар маалында кармалган. Укук коргоо органдары аны Бишкек-Ош унаа жолун тосууну уюштургандардын бири деп билдиришкен. Ал окуянын жүрүшүндө милиционерлер сабалып, кызматкерлердин бири өрттөлгөн болчу. Укук коргоочу  15 жыл бою «Воздух» укук коргоо уюмун жетектеп, милиция тарабынан жасалган мыйзам бузуулар тууралуу жазып келген.

Тема боюнча: Q&A: Укук коргоочу Аскаровдун иши тууралуу эмнелер белгилүү?

Аскаров 2010-жылдын 15-июнунда, Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык кагылышуулар маалында кармалган. Укук коргоо органдары аны Бишкек-Ош унаа жолун тосууну уюштургандардын бири деп билдиришкен. Ал окуянын жүрүшүндө милиционерлер сабалып, кызматкерлердин бири өрттөлгөн болчу.

Базар-Коргон райондук соту 2010-жылдын аягында Аскаровго карата өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган, бирок Аскаровдун өзү күнөөсүн мойнуна алган эмес. Анда аны менен бирге дагы сегиз киши соттолгон.

Аскаровдун жактоочулары укук коргоочунун дарегине айтылып жаткан айыптоолордун «негизсиз» экенин бир канча жолу билдиришкен. Аны укук коргоочу жана эл аралык уюмдар коргоп чыгышкан. Алар ишти кайрадан карап чыгып, сот өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен бийликке кайрылышкан.

2016-жылдын апрелинде БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин мүчөлөрү Кыргызстан бийлигинен Аскаровду бошотуп, аны күнөөсүз деп табууну талап кылышкан. БУУ комитетинин билдирүүсүнөн үч күн өткөндөн кийин Жогорку сот укук коргоочунун ишин кайрадан карап чыгууга даяр экенин билдирген.