8-июндан тартып Казакстандын «Эйр Астана» авиакомпаниясы Астана-Бишкек каттамынын жүргүнчүлөрүн жумасына үч жолудан Ысык-Көлгө чейин бекер жеткирип баштайт.

Астанадан келген жүргүнчүлөр жайы бою Ысык-Көлгө чейин бекер жете алышат. Бул тууралуу 1-июнда Казакстандын «Эйр Астана» авиакомпаниясы өзүнүн расмий сайты аркылуу билдирди.

Компаниянын басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgге акция Астана-Бишкек каттамы менен учкандар үчүн жеткиликтүү болорун билдирди.

«Бул акция биздин авиакомпания аркылуу Астана-Бишкек каттамдары менен учкан бардык жүргүнчүлөргө тиешелүү болот. Бирок ал жумасына үч гана жолу активдүү болот: шаршемби, бейшемби жана жекшемди күндөрү», — деп билдиришти компаниянын басма сөз кызматынан.

Учак Астанадан Бишкекке учуп баргандан кийин «Эйр Астананын» кызматкерлери жүргүнчүлөрдү «Манас» аба майданынан тосуп алышат, андан соң аларды Чолпон-Атага чейин автобус менен жөнөтүшөт. Компания өкүлдөрүнүн айтымдарында, акция Кыргызстандагы туристтик созондун башталышына арналган.

Дүйнөдө мындай кызматтарды Латвиянын «Эйр Балтик» авиакомпаниясы көрсөтүп келет. Ал эки жылдан бери жүргүнчүлөрүн Ригадага аба майдандан Эстония менен Литванын шаарларына бекер жеткирип келет. Ошондой эле шаарлар ортосунда өз жүргүнчүлөрүн Бангкоктун Дон Муанг аба майданы да ташыйт.

Кыргызстанда туристтик сезон расмий түрдө 7-майда ачылган. Маданият министрлиги өкмөт туристтердин өлкөгө болгон агымын көбөйтүү үчүн инвестицияларды тарта тургандыгын билдирген.

Британиялык «Телеграф» басылмасынын рейтингине ылайык, жакынкы жылдары Кыргызстанда туристтик бум күтүлөт, анткени өлкө чет өлкөлүк конокторду өзүнүн жаратылышы жана жайлоо-туризми менен тартып турат. «Бизнес Инсайдер» басылмасынын аналитиктеринин пикирлери боюнча, өлкө өнүгүп жаткан туристтик багыттардын катарына кирет.

Сүрөт: issikkul.com