Ошто «Этномаданият» аталышындагы алгачкы маданий фестиваль кол өнөрчүлүк, тамак-аштарды жасоо жана улуттук кийим-кечелерди тигүү боюнча мастер-класстар менен коштолууда.

Эл аралык «Этномаданият» фестивалы Ошто 2-июнда башталды. Алгачкы күнү миңден ашык кишини чогулткан маданий иш-чара Кыргызстандын түштүк борборунун алты аянтында өтүүдө.

IMG_0002

IMG_0005

IMG_0215

Анын өзгөчөлүгү маданият ишмерлеринин эки күн бою шаар тургундарын салттуу кыргыз чыгармачылыгы жана турмуш-тиричилиги менен тааныштыргандыгында.

IMG_0047

IMG_0128

Фестивалдын катышуучулары балдар менен ата-энелерди турмушта колдонулуучу искусствого, улуттук тамак-аштар менен кийим-кечектерди даярдоого үйрөтүп, келгендерге мастер-класстарды көрсөтүп жатышат.

IMG_0009

IMG_0015

IMG_0020

IMG_0038

Чыгармачыл жамааттар менен ансамблдер оозеки элдик чыгармачылыктын байлыгын даңазалап ырдап, бийлеп жатышат, а улуттук ырым-жырымдарды аткаруучулар көчмөндөр ойногон оюндарды көрсөтүшүүдө.

IMG_0051

IMG_0089

IMG_0122

ethnofest_main

Шаардыктар менен фестивалдын коноктору түрдүү рецепттер менен жасалган улуттук тамактардан бекер даам тата алышат.

IMG_0091

Уюштуруучулардын айтымдарында, фестиваль Тарых жана маданият жылынын алкагында өтүүдө жана ал 3-июнь күнү Ош шаарынын борбордук аянтындагы гала-концерт менен аяктайт.

IMG_0055