DOXA арт-тобунун сүрөтчүлөрү Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Жетиген» балдар лагеринин дубалдарына балдардын кыялдары менен ойчабыттарын түшүрүштү. Бишкекке кайтып келе жаткан жолдо граффитчилер үйлөрдүн биринин дубалына космонавт Юрий Гагариндин сүрөтүн тартышты.

DOXA арт-тобунун сүрөтчүлөрү Сергей Келлер менен Дмитрий Петровский «Жетиген» балдар лагеринин дубалдарына балдардын кыялдары менен ойчабыттарын түшүрүштү.

DOXA2

Келлер Kloop.kgге курган маегинде арт-эмгектердин башкы темасы «балдар чыгармачылыгы» болгонун билдирди. Анын айтымында, лагерь жетекчилиги сүрөтчүлөрдөн балдарга дем берип, аларды таасирленте турган бир нерсе тартып берүүлөрүн өтүнгөн.

«[Лагерь] жөн гана эс алуу үчүн эмес, а балдардын өнүгүүсү үчүн да курулган. Баргандан кийин биз түрдүү идеяларды талкууладык, бирок бизге чыгармачылык эркиндик беришти. Болгону сүрөттөрдүн балдарга байланышы бар болушу керектигин айтышты», — деди ал.

DOXA5

Келлер ар бир каарманды тартууга үч күн кеткенин жана жалпысынан лагердин төрт дубалына сүрөт түшүргөндүктөрүн кошумчалады.

«Биз атайылап аларга тема койгон жокпуз. Ар бир адам аларды өз алдынча түшүнүп, өз алдынча атап алсын деп ойлорго эркиндик бердик. Мисалы, телевизордун үстүнө отуруп алып китеп окуп жаткан кыз тартылган сүрөттө биз абстрактуу түрдө китеп окуу менен өзүн өнүктүрүүнү каалаган балдарды көрсөтүүгө аракет кылдык. Ал балдарды телевизор эмес, а аларга ойчабыттардын эркиндигин бере турган китептин өнүктүрө тургандыгын көрсөтүп турат», — деди ал.

DOXA3

Лагерден келе жатып жолдон Келлер менен Петровский кайсыл бир кездери космонавт Юрий Гагарин конок болуп кеткен Көк-Жайык айылына кайрылышкан. Сүрөтчүнүн айтымында, анда аларда үйдүн дубалына космонавттын сүрөтүн түшүрүү идеясы пайда болгон.

DOXA6

«Биз ал айылга бардык. Анда мурда Гагарин конок болуп кеткен үйдү көрдүк. Анан ал окуя тууралуу эстелик калтырып кетүүнү чечтик. Ал жерге көптөгөн чет өлкөлүктөр барышат. Биз келгендер кайсыл бир кездери ал үйдө Гагариндин болгонун билишсин дедик», — деди ал.

DOXA сүрөтчүлөрү

DOXA арт-тобу тапшырыктар боюнча Бишкектеги имараттардын дубалдарына жана башка жерлерге көлөмдүү социалдык граффитилерди түшүрүп баштагандан кийин кеңири атактуулукка жеткен. Алардын эң белгилүү эмгектеринин бири болуп Семён Чуйковдун «Советтик Кыргызстандын кызы» сүрөтүнүн Бишкектеги имараттардын биринин каптал бетине түшүрүлгөн ремейки эсептелет.

2015-жылы сүрөтчүлөр Швейцариянын Ивердон шаарындагы концерттик залга темир комузда ойноп жаткан кыргыз кызы тартылган граффити түшүрүшкөн.

Сүрөтчүлөрдүн Боом капчыгайындагы балбал таштар менен илбирстин элестери түшүрүлгөн эмгеги алардын эң чуулуу сүрөттөрүнүн бири болуп калган. Ал сүрөт жарандык активисттердин көңүлүнө жакпай, бир канча убакыттан кийин алар тараптан өчүрүлгөн.

DOXA стрит-арттан сырткары инсталляциялар менен алектенип, түрдүү материалдар менен тажрыйбаларды жасап, ар кандай багыттар жана техникалар менен иштейт. Сүрөтчүлөр 2016-жылдын февралында болгарка жана кескичтин жардамы менен дубалга кыргыз сүрөтчүсү жана актер Сүймөнкул Чокморовдун портретин түшүрүшкөн.