30-майда мамлекеттик сатып алуулардын сайтында 431 млн 704 миң 454 сомго ИИМдин аймагындагы жер тилкесине көп кабаттуу турак-үй куруу боюнча тендер жарыясы жайгаштырылган. Курулуштун тапшырык берүүчүсү катары Ош шаардык ички иштер башкы башкармалыгы көрсөтүлгөн.

Макаланын түп нускасы Akchabar сайтына чыккан. Автору: Елизавета Кузнецова

Салыштыруу үчүн, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 310 млн сомду түзөт.

Жалпы аянты 20 074 чарчы метрди түзгөн 12 кабаттуу үйдө милиция кызматкерлери менен алардын үй-бүлөлөрүнө деп 220 батир курулат. Үйдүн биринчи кабатында милиция бөлүмү жайгаштырылат. Курулуш өлкөнүн Каржы министрлиги тарабынан каржыланат. Үйдүн 1 чарчы метр аянтынын орточо өздүк баасы – 21 505 сом ($314). Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, 2016-жылдын апрелине карата Ош шаарында 1 чарчы метр аянттын орточо баасы 28 037 сомду түзгөн.

Тендерди кантип жашырууга болот?

«Акчабар» каржы порталынын журналисти башка макала үчүн материалдарды топтоп жатып мамлекеттик сатып алуулар сайтына жайгаштырылган «Cтрoительство мнoгo этажного жилoгo дoма на территории земельного участка MBД КР по ул. Салиевoй TC №6 Манac-Aта в г. Oш» (редакция – пунктуациясы өзгөртүлбөй берилди) деген аталыштагы тендерди тапты.

Тендерди жайгаштырууда анын атылышында «коррупциялык латын тамгалары» пайдаланылган — андагы кириллица белгилеринин айрымдары аларга окшош болгон латын тамгалары менен алмаштырылган, андан улам сайттын издөө системасы аркылуу ал тендердин аталышын жазып табууга мүмкүн эмес болуп калган. Ал тендердин аталышында сегиз киррилица «о», үч «с», эки «а», бир «Т», бир «М» жана бир «В» тамгасы аларга окшош болгон латын тамгаларына алмаштырылган – жалпысынан 17 тамга алмаштырылып жазылган.

Ош ИИБси латын тамгаларынын бар болгонун танбай эле

«Акчабардын» редакциясы Ош ИИБсинин сатып алуулар боюнча адиси Асия Хабибулина менен байланышты.

Тендердин аталышында латын тамгаларынын бар экенин  белген-билбегендиги боюнча узатылган суроого Хабибулина төмөндөгүдөй деп жооп берди: «Жок, билбейм, биз бардыгын тең эле нормалдуу, туура терип жазгандай болгонбуз. Менимче, ал мыйзам бузуу болуп эсептелбейт. Же мыйзам бузуу болуп эсептелеби?».

Андан соң тендерди анда тапшырык ээси болуп эсептелген Ош ИИБси аркылуу табууга болорун билдирди.

«Латын тамгаларынын пайдаланылгандыгы боюнча айтсам, билесиңерби, ал көптөн бери эле пайдаланылат жана тендерди тапшырык берүүчү уюм аркылуу табууга болот», — деди Асия Хабибулина.

«Латын тамгаларынын» тендердин башкы сөздөрүндө («курулуш», «турак-жай», «үй») пайдаланылганын белгилеп кетүү керек. Андан улам потенциалдуу тапшырык аткаруучу стандарттуу издөө жолдору менен жана тажрыйбалуу «көзү ачыктарды» тартпастан ал тендерди таба албайт болчу деп ишендирүүгө болот.

Долбоорлоочусу ким?

Асия Хабибулинанын айтымында, үйдүн долбоорлоочусу «АрхТБ» ЖЧКсы эсептелет. Ал компания Ак-Буура суусунун үстүнөн өткөн Оштогу эстакадалык көпүрөнүн курулушун долбоорлогон – «Кылымдын курулушу» деген аталышка ээ болгон ал көпүрөнүн курулушу түштүк борбордун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун учурунда эле башталган.

Анда долбоорду иштеп чыгуу боюнча кызматтарга тендер жарыяланып, бюджеттен 31 млн. сом бөлүнгөн. Жумуштар аяктаганга чейин эле «Г-Сью» кытай компаниясынын эсебине 19 млн. сом которулуп берилген, а долбоор «Кыргызкурулуштун» экспертизасынан өтпөй калган.

«АрхТБ» ЖЧКсынын директору Сааданбек Баетовдун айтымында, компания турак-үйдү долбоорлоо боюнча кызмат көрсөтүү үчүн акча алууга жетишкен. Долбоорлоочунун кызматтарынын баасы 2 млн 275 миң сомду түзгөн.

akchabar1

«Ачык Бюджет» системасынын маалыматтарына ылайык, жыл башынан бери «АрхТБ» ЖЧКсы Ош мэриясынын алдындагы Шаар көчөлөрү башкармалыгына көрсөткөн асфальттоо жана төрт көчөнүн электр түйүндөрүн жылдыруу боюнча кызматтары үчүн мамлекеттик бюджеттен 628 200 сом, а Кадамжай мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин тапшырыгы менен аткарылган долбоордук-сметалык документация үчүн 85 000 сом алган. Ал эми Ош шаардык ИИБси үчүн үйлөрдү долбоорлоо боюнча кызматтар азырынча Каржы министрлигинин казыналыгынын маалыматтар базасында жок.

Бардык негиздер бар

Каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Даникеев Ош шаардык ИИБсинин тендеринде латын тамгаларынын пайдаланылгандыгы тууралуу «Акчабардын» журналистинен билди.

Мекеме жетекчиси ал жарыяда коррупция болгон деп шектенүүгө бардык негиздер бар экенин билдирди. Ал мунун мамлекеттик органдар тарабынан «коррупциялык латын тамгалары» пайдаланылган алгачкы учур эмес экенин мойнуна алды. Департамент бул сыяктуу ар бир учур боюнча аныкталган фактылар тууралуу Башкы прокуратурага, УКМКга жана ИИМдин Бешинчи башкы башкармалыгына кайрылуу жолдойт.

Улан Даникеев түштүк борбордун ИИБсинин тендери боюнча мындан аркы аракеттери тууралуу бардык маалыматтар текшерилгенден кийин кабарлай турганын убадалады.

Тендерге катышуу үчүн билдирмелерди жөнөтүү мөөнөтү 2016-жылдын 22-июнунда аяктайт. Тендер документтери менен шилтеме аркылуу өтүп таанышууга болот.