Сухэ-Батор жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кыймылын өз алдынча жөнгө салган Автожол колледжинин студентине айып салынып, коомдук жумуштарга тартылды.

Милиция 1-июнда Сухэ-Батор жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа кыймылын өз алдынча жөнгө салып жаткан баланы кармады. Ал аталган көчөлөрдүн кесилишиндеги кыймылды колундагы гезит менен көзөмөлдөгөн автожол колледжинин студенти Арсен Турдугулов болуп чыккан.

Кайгуул милициясынын ага инспектору Тилек Оторов Kloop.kgге студенттин жол эрежеси менен көзөмөлдөөчүнүн кыймыл-аракеттерин билбегендигин жана ал «авариялык абалды» жаратканын билдирди.

Оторовдун айтымында, активист администравдик жазага тартылды — Турдугулов сегиз саттык коомдук жумуштарда иштеп, 300 сом өлчөмүндөгү айып пул төлөйт. Мындай чечимди 2-июнда Октябрь райондук соту кабыл алды.

«Автожол колледжинин студенти жол кыймылын көзөмөлдөөгө аракет кылып, унаа тыгынын пайда кылгандыгы үчүн ага карата айып төлөтүү жана коомдук жумуштарга тартуу өкүмү чыгарылды», ‒ деди Оторов.

Буга окшогон окуя Бишкекте 2016-жылдын апрелинде болгон. Анда шаар тургундары Талант Турдубаев менен Эрлан Богачиев Тынчтык проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишиндеги жол кыймылын өз алдынча жөнгө салышкан.

Алар көчөлөрдү топтолуп калган унаалардан бошотуп жаткан маалда кайгуул милициясынын унаасы андагы тыгынга көңүл бурбастан өтүп кеткен.

Оторов анда алардын аракеттерин мыйзамсыз деп атаган, бирок «жарандык активдүүлүгүн көрсөткөндүгү» үчүн активисттер жазаланышкан эмес.

«Мыйзамга ылайык, алардын аракеттери мыйзамсыз болгон, бирок алар четте карап турбастан жол кыймылынын коопсуздугун сактоого көмөктөшкөндүктөрүн эске алуу менен Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгынын жетекчилиги балдар менен жолугушуп, аларга ыраазычылыгын билдирди», — деп билдирген анда Оторов Kloop.kgге курган маегинде.

Транспорт жана коммуникациялар боюнча парламенттик комитеттин мүчөлөрү активисттерге ыраазычылыктарын билдиришип, аларга калпак кийгизип, сүрөттөрдүн белек кылышкан.