5-июнда полиция менен белгисиз адамдардын тобу ортосундагы атышуудан улам Казакстандын Актөбө шаарында жети киши каза болду. Атышуу курал саткан эки дүкөндө жана Улуттук гвардиянын бөлүмүндө болгон. ЖМКлар ондогон адамдардын жараат алгандыктарын кабарлап жатышат.

Казакстандын Актөбө шаарындагы атышуу 5-июнь күнү күндүз башталган. Tengrinews басылмасы укук коргоо органдарына шилтеме жасоо менен белгисиз адамдардан турган топ курал саткан «Паллада» дүкөнүнө кол салып, сатуучусу менен күзөт агенттигинин кызматкерин өлтүрүп, үч полиция кызматкерин жарадар кылышкандыгын жазды.

Басылманын маалыматы боюнча, белгисиз адамдар ошондой эле курал саткан «Пантера» дүкөнүнө да кол салып, анын бир кардарын өлтүрүп, дагы бирөөсүн жарадар кылышкан.

Кийинчерээк алар Казакстандын Улуттук гвардиясынын аскердик бөлүгүн көздөй ок чыгарышып, анын жыйынтыгында үч киши каза болуп, алты аскер кызматкери жараат алышкан.

Казакстан ИИМинин басма сөз катчысы Алмас Садубаев Tengrinews агенттигине укук коргоо органдары кол салган адамдарды колго түшүргөндүктөрүн, алардын төртөөсү өлтүрүлүп, экөөсү жарадар экенин билдирген.

«Учурда калган кылмышкерлерди колго түшүрүү боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Жарандарга көчөгө чыкпоо жана сак болуу сунушталат», — деди ал.

Садубаевдин айтымында, кол салгандар — «салттуу эмес диний агымдардын радикалдуу жактоочулары».

«Vlast.kz» аналитикалык порталы билдиргендей, Казакстандын Ички иштер министрлиги антитеррористтик операция режимин жарыялап, анын жүрүшүндө коомдук транспорт кыймылы менен оюн-зоок жайларынын ишмердүүлүктөрү убактылуу токтотулат.

Сүрөт: курал саткан дүкөндүн кол салуудан кийинки көрүнүшү