Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов «Интербилим» эл аралык борборунун кызматкери Гүлгаакы Мамасалиеваны «саботаж» кылууга айыптады. Калаа башчысы укук коргоочу шаардагы турак-үйлөрдүн бузууга каршы чыккандыгы үчүн аны шаар душманы деп атады.

Жалал-Абаддын мэри Салайдин Авазовдун «Интербилим» эл аралык борборунун кызматкерин айыптап жаткандыгы тартылган видео социалдык түйүндөрдө 3-июнда пайда болгон.

Авазов укук коргоочу жана акыйкатчы кызматына мурдагы талапкер Гүлгаакы Мамасалиеваны шаардын душманы деп атап, «шаардан кетиши керектигин» айткан.

«Биз, шаардыктар, силердики сыяктуу НПОлорго нааразыбыз. Силер — шаардын өсүүсү жана калыптануусуна тоскоолдук кылып жаткан душмансыңар. Өзүңөрдүн ишиңер менен алектенгиле. Силер — шаардын душманысыңар, силер — чыккынчысыңар», — деген ал.

Укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева Kloop.kgге курган маегинде «Интербилимдин» кызматкерлери Жалал-Абадда турак-үйлөрдүн мыйзамсыз бузулуп жатышын териштирүү үчүн жүргөндүктөрүн билдирди.

Анын айтымында, бийлик Ленин көчөсүн кеңейтүү үчүн Жалал-Абаддагы үйлөрдү бузуп, а ага нааразы болгон жергиликтүү жашоочулар бейөкмөт уюмдардан колдоо сурап кайрылып жатышат.

«Биз жашоочуларга алардын укуктары жөнүндө айтып берип жатканбыз. Абалды жакшылап түшүнбөстөн эле адамдарга «бир тийүү» — бул мэрдин деңгээли эмес. Бул анын компетенттүү эмес экенидигин, өзүн хан сезип, эч кимди эсепке албай тургандыгы жөнүндө айтып турат. Эгер ал жашоочулар менен ушинтип сүйөшүп жатса, анда шаардын көйгөйлөрүн кантип чечет?» — деди ал.

Үйлөрдүн бузулушу

Муниципалитет кызматтарынын жумушчулары Жалал-Абаддын Ленин көчөсүндөгү турак-үйлөрдү 3-июнда бузуп башташкан. «Азаттык» радиосу жергиликтүү бийликтин аракеттери жергиликтүү жашоочулардын нааразычылыктарын жаратканын билдирген.

Шаар мэри Салайдин Авазов «Азаттыкка» курган маегинде муниципалитет мыйзам чегинде иш алып барып жатканын билдирген. Анын айтымында, үйлөрдү бузуу чечими мурда эле кабыл алынган жана жашоочулар каршы болушкан эмес.

«Биз бул жумуштарды баштаарда бардык тараптан мыйзамдуулукту сактадык. Жашоочулар менен жолугушуп, көз карандысыз эксперттердин эсеби боюнча короо жайына жана жер тилкесине өз-өзүнчө компенсация төлөп бере турган болдук. Шаар аксакалдары менен бирге аларга түшүндүрүп, эч ким нааразы болгон жок», — деп билдирген ал.