Милиция Бишкектин Фучик көчөсүндөгү газ ташыган унаанын жарылуусунан улам каза болгондордун бар экендиги тууралуу маалыматты четке какты. Буга чейин ӨКМ каза болгондор бар экенин билдирген, бирок алардын санын тактаган эмес. Жарылуудан жалпысынан 10 киши жаракат алган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) газ ташыган унаанын жарылуусунан каза болгондордун жок экендиги жөнүндө 7-июнда билдирди.

«Каза болгондор жок, өрт өчүрүлдү. Жалпы келтирилген материалдык чыгым такталып жатат», — деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан.

Өрт болуп жаткан маалда ӨКМдин басма сөз кызматы 15 киши жаракат алып, каза болгондордун бар экенин, бирок алардын саны такталып жатканын билдирген.

«Болжолдуу түрдө бир май ташуу унаасы күйүп жатат — өндүрүштүк өрт, курмандыктар бар. Болжол менен 15 киши жараат алды, каза болгондор да бар (такталып жатат). Кошумча маалымат берилет», — деп жазган ӨКМдин басма сөз кызматынын өкүлү Элмира Шерипова.

Жалпысынан өрттөн 10 киши жараат алып, алардын денелери түрдүү даражадагы күйүктөрдү алышкан — дарыгерлердин маалыматтары боюнча, жараат алгандардын алтоосунун денеси 90-100 пайыз күйүп калган.

«Ошондой эле эки бейтап күйүк бөлүмүндө. Бирөөсү амбулатордук дарылануудан өтүп жатат. Андан сырткары травматология бөлүмүндө тепкичтен кулап кеткен өрт өчүрүү кызматкери бар. Анын кабыргасы сынган», — деп билдирген Бишкектин травматология жана ортопедия борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков «АКИпресс» агенттигине.

Жараат алгандардын арасында 12 жашар өспүрүм да бар.

Милиция газ унаасынын жарылуусу фактысы боюнча Кылмыш кодексинин 176-беренеси менен каралган «Этиятсыздыктан мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу» боюнча кылмыш ишин козгоду.

«Өрт бир унаадан экинчисине газ сордуруп алуудагы техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгынан улам келип чыккан. Жалын алардын жанында турган дагы үч унаага өткөн», — деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан.

Бишкектеги өрт 6-июнь күнү Фучик 47/2 дарегинде жайгашкан жүк ташуу унааларын токтотуу жайында болгон. Өрттү өчүрүү үчүн алты өрт өчүрүү тобу барып, аны бир жарым, эки сааттын ичинде толук өчүрүп бүтүшкөн.

Күбөлөрдүн айтымдарында, анда бир нече жарылуу болуп, алар газ ташыган унаа менен дагы беш жүк унаасынын күйүүсүнө алып келген. Өрт ошондой эле «Аю» компаниясынын азык-түлүктөрү сакталып турган кампасына да зыян келтирген.

Авторлор: Эльдияр Арыкбаев, Айжамал Мураталиева