Казакстандын Ички иштер министрлиги Актөбө шаарындагы атышууларга катышкан 13 кишинин жок кылынганын билдирди. Дагы шектүү жети киши изделүүдө. Жалпысынан атышуулардан он киши каза болгон.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Алмас Садубаев Kloop.kgге курган маегинде полиция Актөбөдөгү атышуунун 13 катышуучусун жок кылып, дагы сегизи колго түшүргөнүн билдирди.

«Активдүү куралдуу каршылык көрсөтүү маалында 13 кылмышкер өлтүрүлдү, алтысы жарадар болушту, дагы жетиси издөөдө. Укук коргоо органдары алардын кайсыл жерде экендигин аныктап, колго түшүрүү боюнча чараларды көрүп жатышат. Сегиз шектүү адам кармалды, алардын кол салууга тиешеси бар-жоктугу текшерилүүдө», — деди ал.

Казакстандын ички иштер органдары Актөбөдөгү курал-жарак саткан дүкөндөргө жана аскер бөлүгүнө кол салууга шектелип жаткан дагы жети кишини издеп жатышат.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, кол салгандар — «салттуу эмес диний агымдардын радикалдуу жактоочулары». Бирок Казакстандын Мусулмандар дин башкармалыгы кол салууну «динге байланыштырбоо керектигин» билдирди.

«Ислам эч качан адамдарды диний ишеними же улутуна карап бөлүү менен кан төгүүгө уруксат бербейт. Биздин өлкөнүн мусулмандарын бириктирген Казакстандын мусулмандар дин башкармалыгы террористтик кол салууларды чечкиндүүлүк менен айыптайт», — деп билдирди мекеме.

Укук коргоо органдары учурда Актөбөдөгү абалды туруктуу деп баалап жатышат, бирок өлкө боюнча террористтик коркунучтун сары деңгээли белгиленип турат, а аскерлер күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшүүдө.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги да кызматкерлерин жогорулатылган даярдык режимине өткөрдү. Мекеме убактылуу кармоочу жайларды кайтарууну күчөтүп, ыкчам топтордун күнү-түнү нөөмөтүн уюштурду.

Актөбөдөгү атышуу 5-июнда болгон — казак ЖМКларынын маалыматтары боюнча, куралдуу адамдардан турган эки топ курал-жарак саткан дүкөндөргө, андан соң Казакстандын Улуттук гвардиясынын бөлүмүнө кол салышкан.

Казакстандын ИИМинин басма сөз катчысы Алмас Садубаев Kloop.kgге курган маегинде кол салуудан он киши каза болгонун билдирген.

«Куралдуу кол салууга 26 киши катышкан жана алардын бардыгы тең радикалдуу диний көз караштагы адамдар катары таанылышты. Кол салууда алар эки топко бөлүнүшүп, эки курал-жарак саткан дүкөнгө чабуул жасашкан. Кол салуу маалында жарандык беш киши жана беш аскер кызматкери каза болгон», — деди ал.

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ооруканаларга октон жана бычактан жаракат алган 38 киши кайрылган.