#SmartIsTheNewSexy — адамдар өз алдынча билим алуу боюнча кеңештери менен бөлүшкөн материалдар сериясы. Саясат менен тарыхты кайсыл жерлерден окууга болору тууралуу Лондон университетинин студенти Шахрбан Багери айтып берди.

Өз алдынча билим алуу көпчүлүк учурларда тилдер менен искусствого туура келип, а илимдер экинчи же академиялык планга калып калат. Кыргызстанда саясат көбүнчө кыйкымдуу тема болуп эсептелет, а тарыхка тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай, жаштар менен бирге жашы өтүп калган адамдар да ага көп кайрылышпайт. Бул дүйнөнүн кандай жашап жатканын жана аны эмненин кыймылга келтирип жатканын түшүнүү үчүн башка нерселер менен бирге каалаган адамдын дүйнө таанымын кеңейткен анын саясий аспектисин түшүнүү абдан маанилүү. Кимдир бирөөнүн өз оюна ээ болушунун эч кандай жаман жери жок. Бирок көбүнчө ал ой-пикирлердин маалымат агенттиктери тараптан же башка адамдардан уккан нерселер менен калыптана турганын эстен чыгарууга болбойт. Дүйнөдө эмне болуп жатканын түшүнүү анчалык деле оор эмес, бирок тигил же бул маселе боюнча өз пикириңе ээ болуу андан маанилүүрөөк.

Биринчи кезекте саясат жана экономика тармагында эч нерсе түшүнбөйт деп ал нерселер жөнүндө жаштар менен сүйлөшүүгө тыюу салуудан арылуубуз керек. Кайсыл бир кездерде ал жаш муун учурдагы чиновниктер менен президенттин, экономисттер менен журналисттердин ордуларын басышат эмеспи. Жаш муун дүйнөнүн көйгөйлөрсүз экенин канчалык эрте түшүнсө, ал ошончолук эртерээк аларды чечүү жолдорун издеп баштайт. Анан да бийликте отурган билимдүү адамдардан жакшы эмне болсун?

Дисклеймер: ар бир тыйындын эки тарабы болот. Ал дайыма субъективдүүлүк элементи бар саясат менен тарыхка да тиешелүү. Бирок ал видео көрүп, өз алдынча маалымат алуу жана түрдүү көз караштар менен таанышуу убакытты бошко коротуу дегенди түшүндүрбөйт. Тескерисинче, ал туура жоопту табуунун  мыкты жолу. Болгону дайыма «Эмнеге бул болду?» деген суроо берип, жооптун эки тарабын тең табууга аракет кылуу маанилүү.

Тарых

«Ачык университет»

Орус тили, видеотасмалар

Screen-Shot-2016-06-06-at-16.08.06

Азырынча «Ачык университетте» эки гана курс бар — бирөөсү СССРдин маданияттуу саясаты жана көз карандысыз Орусия жөнүндө, а экинчиси Советтер Союзунун таркашы жөнүндө. Алар бардык материалдарды видеолекциялар түрүндө жайгаштырышат, аларды белгилүү орусиялык журналисттер (Юрий Сапрыкин жана Леонид Парфёнов сыяктуу) жана активисттер (Надя Толоконникова) окушат. Көпчүлүктү долбоордун көлөмдүү арышы чочутушу мүмкүн — «Маданият саясат катары» курсу 19 тасмадан турат, а алардын жалпы хронометражы беш сааттан ашык — бирок ал кыргыз аудиториясына да абдан жакын болгон окуяларга ультимативдик тарыхый баа берет.

AlternateHistoryHub

Англис тили, видеотасмалар

Бул тарыхый учурлардын маанилүүлүгү менен алардын кесепеттерин аягына чейин түшүнбөгөндөр үчүн чоң табылга. Каналдын автору тарых сабактарында маани берилген кайсыл бир окуя болбой калса эмне болмоктугу боюнча ой жүгүрткөн «А эгер...» деген суроодон башталган түрдүү сценарийлерди көрсөтөт. Мындай ыкма тарыхты жана тигил же бул окуялардын бүгүнкү дүйнөгө кандай таасир эткенин түшүнүүгө гана эмес, а ал окуялардын маанилүүлүгүн да белгилейт.

Crash Course

Англис тили, видеотасмалар

Бардык курактагы көрүүчүлөр үчүн саясаттан баштап физика менен астрономияга чейинки темаларды кучагына алган бир тууган Гриндерден (ооба, «Жылдыздар күнөөлүү» чыгармасын жазган Жон Гриндин өзүнөн) сонун канал. Мисалы, мына, жөнөкөй тил менен гана эмес, а ишенимдүү фактылар жана маалыматтар менен ишенимдүү түшүндүрүлгөн дүйнөлүк тарыхтагы маанилүү окуяларды айтып берген видеолордун сонун тизмеги.

The School of Life

Англис тили, видеотасмалар

Аристотелден Карл Маркска чейин. Бул канал саясий идеологияны түзүүнүн башында турган адамдар жөнүндө айтып берет жана анын азыркы дүйнөгө кандай таасир эткенин түшүндүрөт. Саясатка, социологияга, ошондой эле кийинки окуу пландарына бөлүнгөн видеолордун ыңгайлуу тизмеги. Англис тилинин тездигине жетишпей кала тургандар үчүн ошол эле видеолордун текст түрүндөгү версиялары бар (мисалга, тиркелген видеонун текстине шилтеме).

«Дилетант»

Орус тили, макалалар

Screen-Shot-2016-06-06-at-16.07.34-768x338

«Дилетант» — мемдер менен заманбап тренддерден коркпогон жагымдуу дизайны бар саркеч басылма. «Дилетантты» ара-чолодо окууга болот, анда белгилүү бир тарыхый окуялардын толук кандуу картинасын берген чоң, узак убакыт окууну талап кылган тексттер жок, бирок билим берүүчүн жана кызыктуу тексттер түрүндөгү аңгемелер көп.

Саясат

VICE News

Англис тили, видеотасмалар YouTubeда жана макалалар сайтта

Дүйнөнүн заманбап түзүлүшүнө жана айланада болуп жаткан нерселерге кыйла жакыныраак, VICE News — кайсыл жакта эмне болуп жатканын гана көрсөтпөстөн, көрүүчүгө кимдердин тиешеси бардыгын жана кимге таасир эткендиги жөнүндө айтып берет. Маданиятка, искусствого жана модага көбүрөөк багытталган VICE башкы каналынан айырмаланып VICE News каналы дүйнө жүзү боюнча бүгүнкү күндөгү саясат менен көйгөйлөргө көбүрөөк багытталган.

Vox

Англис тили, видеотасмалар YouTubeда жана макалалар сайтта

Каналдын жөнөкөйлүгү — бул анын башкы өзгөчөлүгү. Сирия, израил-палестина сыяктуу башка жаңжалдар жөнүндө улам-улам угуп, бирок алардын эмне жөнүндө жана эмнеге дагы деле аларга жаңылыктарда көбүрөөк көңүл бурулуп жатканын түшүнө албагандар үчүн. Vox — жаңжалдын маанилүүгү менен өнүгүүсүн түшүндүргөн жаңы explanatory journalism жанрындагы олжо.

PragerU

Англис тили, видеотасмалар

Бул кыйла оңчул саясий көз караштарды карманган же жөн гана карама-каршы көз карашты түшүнүүнү каалаган адамдар үчүн. PragerU белгилүү профессорлор, академиктер жана чакырылган меймандар тигил же бул маселелер боюнча ой жүгүртүп, аргументтерин айтышып, маселени талкуу үчүн ачык калтырган саясаттагы (көбүнчө америкалык) түрдүү темалар жөнүндөгү видеолордун сериясы. Жогоруда дисклеймерде белгиленгендей, дайыма түрдүү көз караштар бар болот жана алардын баары менен тааныш болуу өтө маанилүү.

Seeker Daily

Англис тили, видеотасмалар

Seeker Daily Эл аралык мамилелер менен түрдүү аймактардын саясатын чагылдырууга көбүрөөк багытталган. Ошондой эле ал дүйнөлүк саясаттагы маанилүү болгон күнүмдүк темаларды талкуулайт жана абдан чаташкан маселелер боюнча (көбүнчө аудиторияны түрдүү өлкөлөрдөгү бийлик түзүмдөрү, ошондой эле саясий реализмге багытталган) суроолорго жооп берет.

Council on Foreign Relations

Англис тили, видеотасмалар

Мында негизинен Грециянын мурдагы каржы министри Янус Варуфакис, БУУнун учурдагы баш катчысы Пан Ги Мун сыяктуу саясаттагы салмактуу орунга ээ көптөгөн адамдар менен уюштурулган лекциялар жана диаологдор топтолгон. Канал көбүнчө саясат менен эл аралык мамилелерди окуп, маанилүү чечимдерди кабыл алуу бийлигине ээ адамдардын саясатын түшүнүүгө аракет кылгандарга багытталган.

Lenta.ruнун атайын долбоорлору

Орус тили, макалалар

Screen-Shot-2016-06-06-at-16.07.47-768x312

Редакциядан Галина Тимченко кеткенге чейин «Лента» материалдарынын саны боюнча нон-фикшндин томдугуна жетчүдөй болгон чоң долбоорлор менен алектенген. Эски «Лентанын» эң курч жана укмуштуудай долбоорлору  — СССРдин таркашы жөнүндөгү «Дни затмения» жана постсоветтик өлкөлөр жана андагы Союз урагандан кийинки жашоо тууралуу «Страна, которой нет». Аларда топтолгон сүрөт баяндар, маектер жана очерктерден тарыхый маалымкаттар гана эмес, а КМШ чөлкөмүндөгү саясатты да өз ичине камтыган актуалдуу материалдар түзүлгөн.

Онлайн-газиттер

the-economist

Эгер силер бир топ билимге ээ болуп, саясий ысымдар менен терминдер арасында өзүңөрдү ишенимдүүрөөк сезсеңер — социализм менен коммунизмди чатыштырбасаңар жана Нетаньяхунун же Роханинин ким экенин билүү үчүн гууглга кайрылбасаңар — анда оор артиллерияга өтүп, саясий гезиттерди окуп баштасаңар болот. Мисалы, The Economistти көчүрүп алып же «Карнеги» менен The Atlantic сайттарын окусаңар болот. Борбордук Азиядагы акыркы жаңылыктар жана аналитика үчүн The Diplomat менен орус тилдүү Gezitter.orgду текшерүүгө болот.

Тема боюнча: Искусство менен кинону өз алдынча үйрөнүү үчүн керектүү 12 ресурс

Башкы сүрөт катары француз сүрөтчүсү Эжен Делакруанын «Элди жетелеген эркиндик» эмгеги пайдаланылды.