Бишкекте газ ташыган унаанын жарылуусунан улам жараат алган бир адам 7-июнда шаардык ооруканада каза болду. Ал өрттөн жабыркаган он кишинин бирөөсү болгон. 

Бишкекте газ ташыган унаанын жарылуусунан улам чыккан өрттөн жараат алган он кишинин бирөөсү — 26 жаштагы Улан Абесов — шаардын төртүнчү ооруканасында каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова Kloop.kgге ал 7-июнда көз жумганын билдирди.

«Алгач денесинин 90-100 пайызы күйүп калган алты киши бар болчу. Алар дароо эле реанимацияга жаткырылышкан, анткени абалдары абдан оор болчу. Кечээ алардын бирөөсү каза болду», — деди ал.

Айгерчинованын айтымында, жараат алгандардын калган бешөөсү азырынча реанимацияда калууда.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков өрттөн жараат алгандарга кан керек экенин айтты.

«Абдан катуу күйүшкөн, биз бейтаптардын абалдары бир сааттан кийин же бир күндөн кийин мындай же тигиндей болот деп божомолдоп айта албайбыз. Бейтаптардын жанында күнү-түнү үч дарыгер, беш медайым жана үч санитар турушат. Алар күйүккө кабылган кишилердин азап чегүүлөрүн жеңилдетүү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатышат», — деди ал.

Бишкектеги өрт 6-июнь күнү Фучик 47/2 дарегинде жайгашкан жүк ташуу унааларын токтотуу жайында болгон. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өрттүн чыгуусуна бир унаадан экинчисине газ сордуруп алуудагы техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы себеп болгон.  

Жалын газы бар цистернаны зыянга учуратып, андан улам жарылуу болгон. Анын жыйынтыгында беш жүк ташуу унаасы күйө баштаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттү өчүрүү үчүн алты өрт өчүрүү тобун жөнөткөн. Жалпысынан анда түрдүү деңгээлдеги күйүктөрдү алышкан он киши жараат алган.

Өрт ошондой эле «Аю» компаниясынын азык-түлүктөрү сакталып турган кампасына да зыян келтирген.