Эксперттердин баамында, Кыргызстандагы мектептердин дааратканаларынын 90 пайызы санитардык нормаларга жооп бербейт — мамлекет мектеп гигиенасы үчүн зарыл болгондон 40 эсе аз акча бөлөт.
2013-жылдын апрелинде Кочкор айылында 1-класстын окуучусу сабак маалында дааратканага суранып чыгып, кайра кайтып келген эмес. Кийинчерээк анын жансыз денесин дааратканын тешигинен табышкан — окуучу тешикке чириген тактайлар анын салмагын көтөрө албай сынып кеткенде кулап түшкөн.
Кыргызстанда мектептердин дааратканалары үчүн талап кылынгандан 40 эсе аз акча бөлүнөт, дейт билим берүүчү «Таптаза» долбоорунун санитария жана гигиена боюнча эксперти Эсен Турусбеков. Анын айтымында, мектеп дааратканаларынын 90 пайызга жакыны авариялык жана антисанитардык абалда.
«Бул көйгөйдү чечүү үчүн каржылоо менен жалпы мектептин гигиенасы үчүн жооптуу болгон директорлордун эрки керек. Биздин изилдөөбүз боюнча, санитария менен гигиенага бир окуучу үчүн жылына жети гана сом бөлүнөт. А 2013-жылдагы изилдөөлөрүбүзгө ылайык, талап кылынган сумма жылына 280 сомду түзөт», — деди ал.
Билим берүү министрлигинин өкүлү Айгүл Мамонова Kloop.kgге мекеме мектеп дааратканаларынын авариялуулугу боюнча статистика жүргүзбөстүгүн билдирди.
«Биз имараттардын авариялык абалдарын баалайбыз, а [дааратканалардын абалдары] алардын ичинде болот. Болжолдуу түрдө мектептердин 80 пайызы авариялык абалда деп эсептелет», — деди ал.
Мамонова мектеп окуучусунун гигиенасы үчүн бюджеттен жылына канча акча бөлүнөөрүн так билбестигин кошумчалады.
Билим берүү министри Эльвира Сариева 2016-жылдын апрелинде мекеме дааратканаларды мектептердин ичине кура тургандыктарын билдирген.
«Быйыл капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлө турган жана суу киргизилген мектептерде дааратканалар имараттын ичинде болот. Кошумча каражат болгондо, жергиликтүү өзүн өзүн башкаруу органдары бардык мектептерге суу киргизиши керек», — деген министр.
Kloop.kg тарабынан сурамжыланган мектеп директорлору гигиена көйгөйлөрү тууралуу ачык айтууну каалашкан жок — алардын экөөсү анонимдүүлүк шартында гигиенаны жакшыртуу үчүн бюджеттен бөлүнүп жаткан каражаттын жетишсиз экенин айтышты.
«Бизде гигиена жагынан көйгөйлөр бар, алар даараткананын сыртта, алыста жайгашкандыгына жана анын 1970-жылы курулуп, өтө жакшы эмес абалда болуп, жараксыз болуп калгандыгына байланыштуу», — деди Нарын облусундагы мектептердин биринин директору.
Бишкектеги мектептин директорунун айтымында, гигиена көйгөйлөрү окуучулардын санынын көптүгүнө да байланыштуу — мектептерге нормадан ашык балдар кабыл алынат.
«Дааратканадагы гигиенага эки пол жуугуч эки сменде көз салышат, бирок алар да көбүнчө баарына жетише беришпейт, анткени балдар үч сменде окушат. Мектеп 750 окуучуга ылайыкташтырылып курулган, бүгүнкү күндө анда 2120 окуучу билим алууда», — деди ал.
Окуучулардын өзүлөрү Kloop.kgге курган маектеринде мектептердеги дааратканаларда кол жууганга раковиналардын жок экенин, а андан чыккан сасык жыт мектепке бүт тарай турганын билдиришти. Алардын айтымдарында, мындай шарт эбак эле нормага айланган.
«Бизде мектеп дааратканасындагы антисанитария дайыма көйгөй болуп келет — окуучулар кайсыл жер ыңгайлуу болсо ошол жерге отура беришет, а хлорду көбүнчө колдонушпайт, ошондуктан дайыма жаман жыт чыгып турат. Ал жыт дааратканага кирээр замат сезилет, бирок биз үчүн ал нормалдуу көрүнүш сыяктуу эле болуп калды окшойт», — деди Ысык-Көл облусундагы 8-класстын окуучусу Салават Жангабылов.
Баткен облусундагы мектептин окуучусу Аймир Каныбекова гигиена көйгөйү түрдүү ооруларга себеп болуп калып жатканын айтты.
«Бизди кол жуу үчүн раковиналардын жоктугунан улам көптөгөн оорулар пайда болууда. Баары тең мектептин сыртта жайгашкан дааратканасына барышат, а кол жууй турган жери жок», — деди ал.
Автор: Чолпон Абасбекова
Сүрөт: Zanoza