Жайдын келиши менен Бишкектин жашоочулары шаардагы оргумаларга түшүп башташат. Kloop.kgнин кабарчысы шаардыктар ысык күндөрү салкындап жүрүшкөн борбордук Ала-Тоо аянтында болуп келди.

Жыл сайын бишкектиктер шаардын 30-40 градустук ысыгында сергип алуу үчүн оргумаларга түшүп башташат. Шаардагы оргумаларга түшүү салтка айланып калды — ал жакка балдар гана эмес чоңдор да барышат.

IMG_6467

IMG_6436

IMG_6349

IMG_6249

«Биз үй-бүлөбүз менен келдик. Мен бул оргумага түшкөндү жактырам, анткени мында кооз жана каалашыңча түшүүгө болот», — деди жети жаштагы Аман Kloop.kgнин кабарчысына.

Адатта шаардыктар Ала-Тоо аянтындагы, эмен багындагы жана филармониянын алдындагы оргумаларга көп барышат. Көбүнчө ал жерлерде сууга түшүп жаткан ондогон адамдарды кездештирүүгө болот.

IMG_6618

IMG_6449

IMG_6385

IMG_6376

Саламаттыкты сактоо министрлигинин кичинекей балдардын гигиенасы боюнча дарыгери Мария Кушубакова андай сууларга түшүү түрдүү оорулардын пайда болуусуна себеп болушу мүмкүн деп эсептейт.

«Оргумага түшүү менен андагы суу аркылуу жугушу мүмкүн болгон ич келтеси, ичөткөк, вирустуу гепатит А, ичеги инфекциялары, тери оорулары менен ооруп калууга болот», — деди ал.

Бишкек суу канал ишканасынын маалыматы боюнча, оргумадагы суу айына эки жолудан алмаштырылып турат. Бирок Кушубакованын пикиринде, ал андагы сууга түшүүгө жетишсиз.

«Суу талаптагыдай алмаштырылбайт, биз анда кечинде эмне болгонун билбейбиз, балким жаныбарлар суу ичип, же адамдар түкүрүшкөндүр, же кир бут кийимдери менен киришкендир», — деп кошумчалады ал.

IMG_6372

IMG_6365

IMG_6322

IMG_6230

Бишкек суу канал ишканасынын башчысынын орун басары Мурадил Сейдалиев Kloop.kgге оргумаларга түшүүгө тыюу салынарын, бирок Кыргызстанда аны эч ким көзөмөлдөбөй тургандыгын айтты.

«Биз оргумага түшүүгө эч кимге уруксат бербейбиз, бирок балдар деген балдар да. Мойунга алуу керек, биз алардын сууга түшпөөсүн көзөмөлдөбөйбүз», — деди ал.

Бишкек шаардык ИИББсинин басма сөз катчысы Олжобай Казабаевдин айтымында, милиционерлерге оргумаларга түшүүлөрдү көзөмөлдөө тапшырмасы берилген эмес. Казабаев ал үчүн жоопкерчилик балдардын ата-энелеринде экенин кошумчалады.