Каржы министрлиги футбол талаасынын ижара акысына 50 миң сом коротууну чечти. Мекеме мамлекеттик сатып алуулар сайтына 7-июнда тендер жарыясын жайгаштырган.

Каржы министрлигинин тендери мамлекеттик сатып алуулардын сайтында 7-июнда пайда болду. Мекеме анда футболдук талаанын ижара акысына 49 миң 999 сом бөлө тургандыгы жазылган жарыя жайгаштырган.

Minfin_goszakupki1

Жарыяга ылайык, министрлик футбол талаасын жайкы мезгил үчүн ижарага алат. «Жайкы мезгил» дегени 4 ай, ал аралыкта талаага 44 жолу барышат.

Каржы министрлигинин басма сөз катчысы Самат Тоялиев Kloop.kgге тендер жөнүндөгү маалыматка ээ эмес экенин айтты. Ал оюн талаасынын кандай керектөөлөр үчүн ижарага алынып жатканы боюнча узатылган суроого жооп бере алган жок.

«Мен жооп берүүдөн кыйналып турам, анткени жоопторумду жетекчилик менен макулдашуум керек. Өзүм футбол боюнча кызматтарды алуу жөнүндө жарыяланган тендер боюнча маалыматтарга ээ эмесмин», — деди басма сөз катчы.

Жалпысынан тендерге үч күн убакыт берилген — министрлик футбол талаасын түз келишим түзүү жолу менен ижарага алат. Мамлекеттик сатып алуулардын сайтында сынакка билдирмелерди жөнөтүү мөөнөтү 9-июнда бүтө тургандыгы көрсөтүлгөн.

Буга чейин Каржы министрлиги «суу алдында сүзүү кызматтарына» [дайвинг — ред. түшүндүрмөсү] тендер жарыялаган.

Министрликтин кызматкерлери суу алдында сүзүүгө 230 миң сом коротууну пландашкан. Жарыянын текстинде бассейндин узундугу 25 метрди түзүп, а тереңдиги беш метрден кем эмес болушу керек деген шарттар жазылган. Жалпысынан министрлик 15 кишинин 113 жолу баруусу үчүн акча төлөөнү каалаган.

Ал тендер жалпыга маалымдоо каражаттары менен социалдык түйүндөрдө кызуу талкууларды жараткан. Мекеменин өзүнөн андай маалыматка ээ эмес экендиктерин айтып жооп беришкен. Каржы министри Адылбек Касымалиев тендер жөнүндө билбегендигин айтып, мекеменин статс-катчысы менен үч кызматкерине катуу сөгүш жарыялаган.

Соавтор: Александра Титова