Депутаттар жашы жете электерге нике кыюу үчүн кылмыш жоопкерчилигин сунуштаган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты.

9-июнда депутаттар жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам долбоорун жактырышты — жыйынга катышкан 99 парламентарийдин 69у анын кабыл алынышын колдошту.

Мыйзам долбоору дин кызматкерлери үчүн кылмыш жазасын сунуштайт. Документке ылайык, расмий нике күбөлүктөрү жокторго нике кыюу үчүн алар үч жылдын беш жылга чейинки мөөнөткө эрктеринен ажыратылуулары мүмкүн.

Долбоордун демилгечиси, «Ата-Мекен» фракциясынан депутат Аида Салянованын пикиринде, мыйзам зомбулуктарды азайтууга жана эрезеге жете электердин укуктарын коргоого жардам берет.

Коомдук активист Лариса Илибезова Kloop.kgге мыйзам долбоорунун кабыл алынгандыгына кубанычта экенин билдирди — ал бул коомдук активисттердин аракеттери менен мүмкүн болду деп эсептейт.

«Биздин парламентте кайрымдуу адамдардын бар экенине кубанычтамын. Бирок биз баары бир добуш берүүгө келбеген жана мыйзам долбооруна каршы добуш берген депутаттар менен жолугушууларды өткөрөбүз. Биз ал мыйзам долбоорунун маанилүү экендиги тууралуу депутаттар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүбүздү улантабыз», — деди ал.

Буга чейин парламентарийлер мыйзам долбоорун четке кагышып, ал жарандык активисттердин нааразычылыгын жараткан — блогер Данияр Айтман депутаттарды «бачабаздар» деп атаган, а укук коргоочулар менен кризистик борборлордун өкүлдөрү 30-майда Ак үйдүн алдына митингге чыгышкан.

Алар эл өкүлдөрү «кыздардын көйгөйлөрүнөн жүзүн буруп кеткендиктерин» билдиришип, мыйзам долбоорун кайрадан добуш берүүгө алып чыгууну талап кылышкан.

Бирок жарандык коом өкүлдөрүнүн арасында мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршылыгын билдиргендер да болушкан — юрист Нурбек Токтакунов ансыз деле Кылмыш кодексинде жашы жете электер менен мамиледе болуу үчүн жазалар каралгандыктан, мыйзам долбоорун кабыл алуунун зарылдыгы жок экенин айткан.

Ал «Фэйсбуктагы» баракчасына Аида Салянова өз демилгесиндеги карама-каршылыктар тууралуу кам көрбөгөндүгүн жазган.

«Салянова нике кыюуга тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун жазган, а жакшыраак экспертиза кылууга аракет жасаган эмес. А эгер экспертиза кылуу тууралуу ойлонбосо, демек анын бардык кыйынчылыктары менен карама-каршылыктары жөнүндө кабардар эмес», — деп жазган ал.