7-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары жеке лотереялык ишмердүүлүккө тыюу салууну сунуштаган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты.

Парламент 7-июнда жеке лотереялык ишмердүүлүккө тыюу салууга тыюу салууну жактырды — Жогорку Кеңештин 98 депутаты коомдук талкууга 2015-жылдын 13-мартында коюлган мыйзам долбоорун колдоду.

Эл өкүлдөрү коммерциялык компаниялардын лотереялык ишмердүүлүк менен алектенүүсүнө тыюу салуу керек, анткени алар калкка зыянын тийгизип, мамлекеттик бюджетке алардан «көп эмес» салык түшүп жатат деп эсептешет.

«Кыргызстан» фракциясынан депутат Таалайбек Мамасабиров парламенттин 2016-жылдын 18-апрелиндеги жыйынында лотереялык компаниялар өсүп келе жаткан муундун саламаттыгына зыянын тийгизе тургандыгын айткан.

«Лотереялык ишмердүүлүк жарандардын, өзгөчө өсүп келе жаткан муундун адеп-ахлакдуулугуна, жашоосуна жана саламаттыгына зыян келтирет», — деп билдирген ал.

«Социалдык оору»

Лотореялык ишмердүүлүккө тыюу салуу идеясын «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова колдоду. Ал оюн ишмердүүлүгүн «үй-бүлөлөргө зыянын тийгизе турган социалдык оору» деп эсептейт.

Анын айтымында, кризистик борборго кумар оюндарына кызыгып кеткендердин туугандары көп жолу кайрылышат. Ал Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде лотереяларды «лохотрон» деп атап, «адамдар алданып, акчаларын коротуп жаткан чакта», компаниялар акча таап жаткандыктарын айтты.

«Бул социалдык оору, көз карандуулук. А көз каранды адамдарды түрдүү адамдар түрдүү максаттар үчүн пайдаланышы мүмкүн, анткени алар бир канча тыйын үчүн бардыгына даяр болуп, бардыгына макул болуп калышат. Бир эле жабуу менен эч нерсени өзгөртүүгө болбойт, бирок ал башка мыйзамдар иштебей жатканда жардам берет», — деди ал.

Инсандын өнүгүүсү жана менталдуу саламаттык институтунун психологу Аида Парпиева тыюу салуу карама-каршы реакцияны жаратышы мүмкүн деп эсептейт. Ал лотореялык билеттерди сатып жаткан компаниялардын ишмердүүлүктөрүнө тыюу салууга негиздүү себептер жок экенин айтты.

«Психолог катары мен ал жакшы болот деп ишендире албайм. Анан мен мында психологиялык жактан акталган негиздерди көрбөй турам. Андан канча кишинин жабыркагандыгы боюнча статистикага эч ким ээ эмес. Баары тең ошондой көйгөйдүн бар экенин айтып жатышат, бирок эч кандай баа дагы, системалык элестер дагы жок», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

«Мамлекеттик компания керек»

Мыйзам долбоорунун демилгечиси, КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаровдун пикиринде, Кыргызстанда жеке лотереялардын ордуна мамлекеттик лотереялык компания ачуу керек.

«Лотереялык ишмердүүлүк менен алектенгендер чоң акчаларды табышат, бирок алар бюджетке киреше алып келишпейт. Биз тыюу салышыбыз керек же компаниялардын бардыгы тең мамлекеттик болушат», — деди ал.

Бирок экономист Искендер Шаршеев лотереялык компаниялар «чиновниктердин бүтүндөй бир чынжырчасын сатып алгандыктан», алардан бюджетке «киреше толук түшпөй калууда» деп эсептейт. Эксперттин пикиринде, мамлекеттик компанияны ачуу «коррупцияга алып келиши мүмкүн».

«Системанын иштеп, акчалардын көмүскөгө кетпеши үчүн биринчи кезекте салык төлөөчүлөр тараптан абийирдүүлүк болуш керек, а экинчиден, мамлекет тарабынан көзөмөлдүн болушу зарыл. Эгер лотереялык ишмердүүлүктөн мамбюджетке акча толук түшпөй жаткан болсо, анда ал генералдык текшерүүгө негиз болушу мүмкүн», — деди ал.